Контейнер мектептин окуучулары башка имаратка которулат

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектепте билим алып жаткан окуучулар суук түшкөнчө башка имратка которулаарын билдирди вице-премьер-министр Алтына Өмүрбекова. Азыр аталган имарат оңдолуп жатат.

Ошондой эле Өмүрбекова өкмөт алдыга максат койгонун билдирди: жакынкы беш жыл ичинде авариялык абалдагы мектептердин маселесин чечүү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы ырастагандай, Кеңеш айлында «жакын арада» жаңы мектеп курула баштайт — долбоордук-сметалык документ даяр.

Кеңеш айылындагы контейнерлерден куралган мектептин ачылышындагы сүрөттөр социалдык тармактардын колдонуучуларында нааразычылык жараткан. Жарандык активисттер жаңы мектептин курулушуна акча чогултууну демилгелешкен, бирок өкмөт аны өзү кураарын билдирген.

Мурдараак өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева контейнерлерден куралган мектеп аргасыз чара экенин билдирген, анткени айылдагы башка ылайыктуу имараттар авариялык абалда же бош эмес.

Мектепке деп жалпысынан алты контейнер бөлүнүп берилген, анда эки нөөмөт менен 160 окуучу окуйт. Ар бир контейнер 15ге чукул адамды батыра алат. Контейнерлерде орун жетпей калган окуучулар коңшу жайгашкан ашканада билим алышат.