Ош милициясы айдоочуга «күбөлүгүн көрсөтпөй» койгон инспекторго байланыштуу иликтөө баштады — видео

«Мукамбет SFR» ютуб каналына 21-октябрда Ош шаардык мэриясынын жанында тартылган тасма тарады. Анда алгач патрулдук милиционер айдоочуга рейд жүрүп жатканын айтып, айдоочулук күбөлүгүн сурап жатканы угулат.

Ал эми айдоочу документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, инспектордон рейд тууралуу буйрукту жана кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүнү талап кылат. «Сиз мага рейд жүрүп жатат деген буйрукту алып келиңиз […] Эмне себептен тостуңуз же көзүңүзгө мас көрүнүп жатамбы?», — деп суроо салган ал.

Ал эми милиционер төмөнкүдөй жооп кайтарган: «[Күбөлүктү] көргөзбөйм сага. Сен документиңди көрсөтсөң анан көрсөтөмбү? Мен сени жакшы тоскондо, жакшы мамиле кылбайсыңбы».

Андан кийин айдоочу менен инспектордун ортосунда кайым айтышуу орун алган. Жыйынтыгында милиционер айдоочуга коопсуздук курду такпай келдиң деп протокол түзөт. Айдоочу болсо, «кур тагып баратканын» айтып, далил көрсөтпөстөн айыппул салынып жатканын билдирет.

Милиция иликтөөнү баштады

Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Рашид Сыдыков «Клоопко» аталган тасма боюнча иликтөө башталганын айтты. Азырынча тасма качан тартылганы белгисиз.

«Тасмада эки тарап бири-бирин түшүнгөн эмес. Бул видео боюнча бизде атайын иликтөө жүрүп жатат. Ал эми инспекторлор көп болгонуна байланыштуу ар бирине рейд тууралуу буйрук боюнча көчүрмө бере албайбыз да. Эгер айдоочулар шекшип жаткан болсо, анда бизге келип көрүп кетишсе болот», — деди Сыдыков.

Ведомстводон рейд боюнча буйруктун көчүрмөсүнүн ордуна инспекторлор айдоочуларга маршруттук дислокациянын схемасын жана кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүлөрү керектигин билдиришти.

Кайгуул милициядан коопсуздук кур боюнча түзүлгөн протокол боюнча да териштирүү болуп жатканын кошумчалашты. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен инспектор мыйзам бузган болсо чара колдонулаарын айтышты. Бирок окуя боюнча кайгуул милицияга эч ким арыз менен кайрыла элек.