«Газпром» мектебинин окуучулары директорун жумуштан бошотуудан коргоп калышты

Сүрөт: Азамат Акенеев

«Газпром» мектебинин окуучулары ата-энелери менен биргеликте 14-декабрда каршылык акциясына чыгышты. Окуучулар «Газпромго Азамат Шамилевич керек», «Биз Азамат Шамилевич менен өнүгүү жана биримдик үчүнбүз» жана башка ушундай өңдүү плакаттарды жазып чыгышкан. Эртеси күнү Азамат Шамилевич — «Газпром» мектебинин директору Азамат Дыйканбаев өз ордунда калганы белгилүү болду. Эмне болгонун түшүндүрөбүз.

Мэриядагы булак

Азамат Дыйканбаев

Дыйканбаев бошотулуп жатканы тууралуу маалымат 12-декабрда пайда болгон — бул тууралуу «Кактус» басылмасы мэриядагы маалымат булактарына таянып жазып чыккан. Анда «Кактус» Азамат Дыйканбаев бошотулуп, ордуна мектепти Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко башкарып калды деп билдирген. Лисниченко буга чейин калаадагы №9 мектебин жетектеген. Ал «Газпромдун» мектебин жетектөөгө болжолдуу 2020-жылдын 9-январынан тарта киришиши керек болчу.

Дыйканбаев журналисттерге мурдагыдай тартипте эле иштеп атканын жана директор жөнүндө маалыматка комментарий бербесин билдирди. Анткени менен ата-энелер комитетинин мүчөсү Улук Кыдырбаев директор кетип жатканын тастыктады.

«Азамат Дыйканбаев бул чечимди ден-соолугуна байланыштуу кабыл алганын айтты. Бирок буга эч ким ишенген жок, анткени биз жетекчисин алмаштыруу боюнча кандайдыр бир даярдалган иш жүрүп атканын көрүп атабыз да. Жаңы кадр ачык конкурссуз, ата-энелердин жана жамааттын пикирин эске алуусуз сунушталып жатат», — деген Кыдырбаев «АКИпресс» басылмасына.

Валентина Лисниченко

Лисниченко бул убакыт бою жаңы директор болуп бараарын четке кагып, бул мектептин башкаруу төрагалыгынын кеңешчилигине дайындалганын айтып келген. Ал эми шаардык кеңештин басма сөз кызматы 13-декабрда Лисниченконун кеңешчиликке дайындалган факттын тастыктаган.

Нааразылык акциясы

Ата-энелер менен балдар митингге 14-декабрда чыгышкан. Алардын айтымында, кээ бир мугалимдер да Азамат Дыйканбаевге тилектештик кылуу максатында кызматтарынан кетүүгө даяр болушкан.

Ата-энелер Дыйкамбаевди коргоо максатында жамааттык кат жазып, Бишкектин мэри Азиз Суракматовго, мектептин байкоочу кеңеши менен «Газпром Кыргызстандын» башкы директору Болот Абилдаевге жөнөтүшкөн.

Алар мектеп директорунун алмашуусуна караманча каршы экендерин билдиришкен.

«Кыска убакыттын ичинде мектеп директору мугалимдерди алуу, окуу процессин жана башка уюштуруу маселелерин камсыздоо боюнча чоң иштерди аткарды. Биз балдарыбызды Бишкектин эң эле мыкты делген мектептеринен жаңысына, тагыраагы жаңыдан түзүлүп жаткан мектепке, жетекчиси болуп аброю булгана элек прогрессивдүү жетекчи дайындалгандыктан гана которгонбуз», — деп жазылган жамааттык катта.

Ата-энелердин айтымында, директор ойдогудай болуп, балдар мектепке кубанып барышат. Ошол балдар өз директорун коргоо үчүн митингге чыгууну чечишкен.

«Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мектеп окуучулары директорду коргоп чыгышты. Биз, ата-энелер, балдарыбызды, алардын мектебин сактап калууга болгон ак-ниет умтулууларын көз жаздымда калтырып коё албайбыз. Мындан тышкары, мугалимдердин көпчүлүгү директор менен кошо кетебиз деп арыз жазып коюшту. Эгер мектептин директору алмаша турган болсо, анда бардыгын кайра баштан баштоого туура келет деп ишенимдүү айтса болот», — деп айтылат катта.