Жогорку сот Саймаитиге документ берген паспорт бөлүмүнүн кызматкерин актады

Жогорку сот 16-мартта Айэркен Саймаитиге кыргыз жарандыгын берүүгө байланыштуу иш боюнча чечимди күчүндө калтырды.

Иштин материалдарына ылайык, Саймаити 2014-жылы кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган. Бул документтерди алуу үчүн Саймаити чоочун ИННди берген. Саймаити 2019-жылдын аягында Түркияда киши колдуу болуп, андан кыргыз ID-картасы жана Эркин Самятовдун атына берилген жалпы жарандык паспорт табылган.

2020-жылы мартта прокуратура Жогорку сотко кайрылып, Саймаитиге паспортту мыйзамсыз берген Сузак райондук паспорт бөлүмүнүн кызматкерин жазага тартууну суранган. Ага «Мыйзамсыз паспорт берүү», «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Документтерди жасалмалоо» боюнча айып тагылган.

Райондук жана облустук соттор паспорт бөлүмүнүн кызматкерин жазага тартуу мөөнөтү эскирип кеткендигине байланыштуу аны акташкан.

Жогорку соттун коллегиясы Сузак райсоту жана Жалал-Абад облсоту мыйзамдуу чечим чыгарган деген жыйынтыкка келген, себеп дегенде кылмыш жасалган убактан бери беш жылдан ашык убакыт өтүп кеткен. Мыйзамга ылайык, мындай кылмыштардын эскирүү мөөнөтү үч жылды түзөт.

Саймаити — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар жөнүндө иликтөөсүнүн фигуранты. Журналисттер бул каражаттардын чыгарылып кетишине Кыргызстандын түштүгүндөгү таасирдүү үй-бүлө болуп эсептелген Матраимовдордун кланынын да тиешеси бар деп айыпташууда.

ТЕМА БОНЧА:

Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы