Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 19-майда өткөн брифингде 21 жана 25-майдан тарта этап-этабы менен иштеп баштай турган тармактар тууралуу айтып берди.
21-майдан тарта төмөнкү иш тармактары иштеп баштайт:
- Калкты тейлөө борборунун бардык бөлүмдөрү;
- Бут кийим жана саат оңдоо;
- Эмерек чогултуу жана оңдоо;
- Соода борборлору (оюн-зоок аймактары менен фудкорттордон башкалары);
- Бардык азык-түлүк дүкөндөрү;
- Автоунааларды каттоо органдары;
- Унаабазарлары;
- Мал базарлар;
- Бардык жеке репетиторлук кызматтар;
- Жеке мончо жана спа борборлору;
- Мейманканалар (бассейн жана спортзалдардан башкалары).
25-майдан тарта ишмердиктин төмөнкү тармактары ишин баштайт:
- Буюм-тайым базарлары;
- 50 кишиден ашпаган орундукка чакталган коомдук тамактануу жайлары, кафе жана ресторандар;
- Театрлар, музейлер, китепканалар, галереялар;
- Коомдук транспорт.
Боронов бизнес ээлери менен жарандар санитардык-эпидемиологиялык нормалардын баарын сакташы керек.
«Эгер өлкөдөгү коронавирустун кырдаалы жакшырбаса, кээ бир тармактардын ишинин жанданышын кийинкиге калтырууга мажбур болобуз», — деди вице-премьер.
19-майга карата, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 243 адам катталган. Ушул убакытка чейин COVID-19у бар 14 адам каза тапкан.