Эгер СOVID боюнча кырдаал курчуй турган болсо катаал чектөөлөр кайра киргизилиши мүмкүн — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-июндагы брифингде бийлик өлкө боюнча чектөөчү чараларды кайрадан киргизиши мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, бул COVID-19га чалдыккандардын санынын өсүшүнө байланыштуу.

«Топ-топ болуп коронавирус жуктуруу учурлары көбөйдү. Адамдардын жумушта, эшикте жана коомдук транспортто тыгыз байланышта болуп атканы байкалууда. Инфекция калк арасында жайылууда. [...] Эгер кырдаал курчуп кете турган болсо катаал чаралар кайра киргизилиши мүмкүн», — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, жарандар ведомство талап кылып жаткан санитардык нормаларды сактабай жатышат. Ушунун айынан инфекцияны карым-катнаш аркылуу жуктуруунун учурлары күн сайын көбөйүп жатат.

«Жаңы жуктуруу учурларынын арасынан 64ү байланыш учурлары болуп эсептелинет. Бишкекте байланыш учурларын көп аныктап жатабыз. [...] Көптөгөндөр бизге жукпайт деген ойдо койгон шарттарыбызды сактабай жатышат. Ар бирибизден гигиенаны сактоо талап кылынат. Келгиле, бул инфекция менен бирге күрөшөлү», — деди Үсөнбаев.

Министрдин орун басары жарандарды шаар боюнча коомдук транспорт менен жүрүүдө этият болууга чакырды, анткени дал ошол жакта COVID-19 жуктуруунун коркунучу жогору болот.

«Эпидемиологиялык иликтөө көрсөткөндөй, ооруга чалдыккандар коомдук транспортту пайдаланышкан. Ал жакта санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталбай жатат, адамдар беткапсыз жүрүшөт, антисептик колдонушпайт жана аралыкты сактабай жатышат. Маршруткалар, автобустар жана троллейбустар [адамдарга] жык толгон», — деп билдирди Үсөнбаев.

Министрдин орун басары Кыргызстанда эпидемиялык кырдаал чыңалуу бойдон сакталып атканын кошумчалады. Ал жашы жетип калган адамдарды коронавируска дыкат көңүл бурууга чакырды.

15-июнга карата өлкө боюнча коронавирус жуктуруу учурларынын саны 2 372ге жетти. Пандемия башталгандан бери бул вирустан 1 813 бейтап айыкты, 531 адам стационарда дарыланып жатат. Пандемия маалында 27 адам каза тапты.