Ошто табылган сөөктөр 1930-жылдары өлтүрүлгөн кишилердики болушу мүмкүн

Сүрөт: Зульфия Тургунова / «Спутник» басылмасы

Ош шаарынын Туран кичи районундагы Жамбыл көчөсүнүн тургуну 14-июнда курулуш үчүн жер казып жатып бир нече сөөк таап алган. Милиция сөөктөр адамдыкы болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, сөөктөр кимге жана кайсы мезгилге таандык экенин билүү үчүн экспертиза дайындалды.

«Ал сөөктөр аябай эски, карарып кеткен. Адамдарга таандык кийим-кече чыккан эмес. Жашоочулардын айтымында, өткөн кылымдын башында ал жер мүрзө болгон. Аймакка коңшулаш жер тилкесинен 33 жыл мурда да сөөктөр чыгып, аларды 1920-1930-жылдарга таандык деп жыйынтык чыгарып беришкен экен», – деди ал.

ОшМУнун тарых факультетинин деканы Сабыр Арстанов «Клоопко» аталган жылдар аралыгында калаанын аймагында жарандык согуш болгонун белгиледи. Ошондой эле, ал табылган сөөктөр 1930-жылдары репрессияга туш болгондорго таандык болушу мүмкүн экенин айтты.

«Ал убакта Туран кичи району шаардын чети болгон, адамдар жашаган эмес. Шаар чакан болчу. Басмачылар да кызыл аскерлерди өлтүрүшкөн, кызыл аскерлер да колго түшүп калгандарды жапырт өлтүрүп көмгөн жайлар бар. 1930-жылдары репрессиялангандар да көмүлгөн болушу мүмкүн. Аларды жашыруун көмүп коюшкан», — деди Арстанов.

Анын айтымында, советтер союзу учурунда өлтүрүлгөн адамдар тууралуу архивдик документтер да сакталган эмес. Ош шаарынын ДЭУ тилкесинин аймагында да жашыруун көмүлгөн жерлер бар делет. Бирок ушул күнгө чейин казылып, изилденген эмес.