«Туулган күнүмдө өкүм чыгарттырды». Раиса Атамбаева президентке кайрылды

Мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаева Алмазбек Атамбаевге чыгарылган өкүмдөн кийин президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Кайрылууда сот Алмазбек Атамбаевге өкүмдү анын туулган күнүндө, 23-июнда чыгарды деп айтылат. Ал кошумчалагандай, аны куттуктаган башка өлкөлөрдүн лидерлеринин алдында учурдагы президент үчүн «ыңгайсыз» абалда калган.

«Эртең менентен бери жүздөгөн адам куттуктады, алардын ичинде чет мамлекеттердин лидерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү бар, алардын алдында мага Сооронбай Жээнбеков үчүн ыңгайсыз болдум. 30 жыл ичинде биз ага жакшылыктан башка эч нерсе кылган жокпуз, жакын адамыбызга кылгандай мамиле жасачубуз», — деп жазган ал.

Раиса Атамбаева президент «судьяларды» тек гана анын туулган күнүндө Атамбаевге өкүм «чыгарттырды» деп эсептейт.

«Ыраазычылык катары Сооронбай Жээнбеков [...] дал ошол менин туулган күнүмдө судьяларды күйөөмө карата өкүм чыгарттырды. Сооронбай Шарипович, биздин мурдагы досубуз, мен сизди дагы бир жолу көргүм келет эле, көзүңүзгө карап жеке өзүм ушундай белек үчүн “рахмат” дейт элем», — деп жазган ал кайрылууда.

11 жылдык өкүм

Бишкектин Биринчи май райсоту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Сот Атамбаевди кримтөбөй Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу боюнча күнөөлүү деп тапты. Кримтөбөл абактан 2013-жылы бошотулган. Ал учурда Атамбаев президент болуп турган. Прокурорлор Атамбаевди 15 жылга кесүүнү суранышкан.

Сот процесси жабык режимде өткөн жана анда Атамбаев жок болгон — ал акыркы сөзүн сүйлөөдөн баш тарткан.

Атамбаев менен кошо экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылган. Ал 5 млн сом штраф төлөп бериши керек. Жолдубаеванын адвокаты өкүмдүн үстүнөн даттанаарын билдирген.

Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Андан кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер да фигурант болуп өтүп жатышат. Алардын арасында ЖАМКтын экс-башчысы жана парламенттин учурдагы депутаты Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык министри Динара Сагынбаева жана мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов бар.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөчү менен жолугушуунун үчөөнө тең келбей койгон.

Натыйжада күч түзүмдөрү Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин колго түшүп берген. Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза тапкан.