«Сары-Челек» ресторанына той өткөргөнү үчүн 3 миң сом айып салынды

Бишкекте «Сары-Челек» ресторанынын жетекчилиги 50дөн ашык адамдын катышуусунда салтанат өткөргөнү үчүн 3 миң сом айып пулга жыгылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы (СЭИ) Kaktus.Media басылмасына билдирген.

«Ресторан карантин режимин бузуп жатканына соцтармактардын колдонуучулары даттанышкан. Бүгүн СЭИнин инспекторлору “Сары-Челек” ресторанынын ээси А. Жапаркуловго карата Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүштү. Ал токтом менен таанышты, 10 күндүн ичинде 3 миң сом өлчөмүндө штраф төлөөгө милдеттүү», — деп маалымдашты СЭИден.

Ресторандын ээсине жеке адам катары штраф салынды, ал эми юридикалык жак Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренесине ылайык, «Ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай койгондугу же ойдогудай аткарбагандыгы» үчүн 13 000 сом төлөшү керек эле.

Kaktus.Mediанын журналисттери ресторанда бир нече күн мурда маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кызы күйөөгө узатылганын жазышкан. Анын үй-бүлөсү жана достору иш-чарадан тартылган сүрөттөрдү соцтармактарда жарыялашкан.

Маркум төкмө акын Элмирбек Иманалаиевдин кызы Сезим Иманалиева (ортодо). Сүрөт: Алу Эсенбекованын инстаграмы

Бул карантин режиминин эрежелерин бузганы үчүн ресторандын жетекчилиги штрафка жыгылып жаткан алгачкы учур эмес. Бийлик март айында эле өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин массалык иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салган.

Бирок бул талаптарды ресторандын баары эле сактай бербейт.

11-июнда жогорку кызматтарда иштеген аткаминерлердин көбү Бишкектеги «Кайнар» ресторанында чогулушкан.

Иш-чарадан «Республиканын» жаңы лидери Мирлан Жээнчороевди жана депутат Аалы Карашевди байкоого мүмкүн.

Kaktus.Mediaнын журналисттеринин маалыматы боюнча, ресторанда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутулган.

«Кайнардын» администраторуна Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча штраф салынган. Ага дагы жеке адам катары 3 миң сом штраф салынган.

Коронавирус пандемиясынан улам, учурда бүт өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

13-августка карата Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан 41 069 адам катталган. Алардын 33 318и айыгып, 1 487 адам каза тапкан.