Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров 11-августта Economist.kg басылмасына курган маегинде, көзөмөл өткөрмө пункттарында автоматташтырылган көзөмөл системасын киргизүү менен бажыдагы коррупцияга каршы күрөшсө болоорун айтып берди.
Бажы кызматы анын сөздөрүн «популисттик» деп атады, анткени ал сунуштаган чаралар Кыргызстандын чек араларында иштеп жатат.
Бажыдагы коррупциялык схемалар
Абакиров Кытай менен чектешкен аймактагы «Торугарт» өткөрмө пунктуна кантип барып келгени тууралуу айтып берди. Анын айтуусу боюнча, ал 60 миң долларлык кийим-кечек жүктөлгөн фура келгенин көргөн.
Ал фура үчүн жүк ташуучу жалпы баанын 10%ын бажы алымына, 12%ын кошумча нарк салыгына төлөшү керек. Абакиров мунун баары 12-13 миң долларды түзөөрүн айтат.
«Ушул жерде эле аларда схема пайда болот. Алар ал жакта кийим-кече эмес, банан болгон деп божомолдошот. Ал эми банандар 50-60 миң доллар турбайт. Алар эң көп дегенде 10 миң $ турат. Бюджетке белгиленген 12-13 миң доллардын ордуна болгону 1,5-2 миң доллар төлөнөт. Ал эми бажычы товардын наркын төмөндөтүү боюнча кызмат көрсөткөнү үчүн жүк ташуучу анын чөнтөгүнө белгилүү бир сумманы төлөйт», — деп айтып берди экономист.
Коррупциялык схеманын башка мисалы катары Абакиров Орусиянын жыгачтарын Кыргызстан аркылуу ташууну келтирди. Экономисттин маалыматы боюнча, мурда Кыргызстанга курулуш иштери үчүн орточо эсеп менен 400-500 вагон жыгач алынып келинчү. Өлкөнүн бюджетине кыйла «олуттуу» салык түшүп турган.
Бирок, Кыргызстан 2015-жылы Евразия экономикалык биримдигине киргенден тарта, Кыргызстан жыгач колдонбой калгандай «бул сандар нөлгө түшүп кеткен».
«Чынында баары өтө жөнөкөй — жыгач [Казакстанга чектеш айыл] Луговойго жетип, вагондордон түшүрүлүп, аларды фуралар менен Кыргызстанга киргизишет. Ал эми фура чек арадан өтүп кетиши үчүн белгилүү бир “чайпул” төлөнөт, ал эми бюджетке бир да тыйын түшпөй калат», — деди экономика министринин экс-орун басары.
Абакиров эгер автоматташтырылган көзөмөл системасын киргизип, Кыргызстандын өткөрмө пункттарынан адамдык факторду жок кылса, анда бул схемаларды жойсо болот деп эсептейт.
«Камераны онлайн-режимде коёбуз, премьер-министр, президент, эл бир күндө канча фура өтүп жатканын, эмне товар экенин көрүшөт. Тагыраагы, бул толугу менен ачык-айкын болушу керек», — деди ал.
Мындан тышкары, ал бажы жана салык кызматтарынын, УКМК жана жол министрлигинин маалымат базаларын бириктирип, аларды онлайн камераларга туташтырууну сунуштады. Ошондо ал жакта адамга болгон муктаждык жоюлат.
Абакировдун айтымында, ал экономика министринин орун басары болуп турганда токтом иштеп чыгып, долбоорду ишке ашыруу үчүн программисттер менен техникалык тапшырма жазып чыккан, бирок «иш жүрө баштаганда» аны жумуштан алышкан.
«Биз “Ак-Тилек” пунктунан баштап, ушул системаны акырындык менен Кыргызстандын бардык өткөрмө пункттарына киргизүүнү ойлогонбуз. Ошентип, менин ойлогонум боюнча, биз ай сайын минимум 3-4 млрд сом бюджетке кошумча алып турмакпыз. Бул кыйла чоң акча», — дейт экономист.
Анын эсеби боюнча, «Ак-Тилек» пунктуна жаңы системаны киргизүү үчүн «9 млн сом гана» керектелмек: 5 млн сом программалык жабдууга кетмек жана ал кийин бүт Кыргызстан боюнча иштемек, ал эми 4 млн сом камераларды, үзгүлтүксүз ток берүү үчүн генераторлорду орнотууга жана бардык туташтырууларга сарпталмак.
Абакиров айтып бергендей, ал «Ак-Тилек» пунтунда өткөргөн «жарым саат» ичинде 20 тонна малдын сан эти жүктөлгөн фураны чек арадан жасалма документтер менен өткөрүүгө аракет кылып жатышканына күбө болгон. Ал документтерде фура сан этти Казакстандан Тажикстанга транзит менен ташып баратканы жазылган.
«Абакировдун далилсиз билдирүүлөрү»
Бажы кызматы 14-августта Абакировдун коррупция тууралуу билдирүүлөрүнө жооп берип, аларды «чындыкка дал келбейт жана далилсиз» деп атады.
«Абакировдун Торугартта “кийим-кече” бизнеси “банан” катары катталат деген билдирүүсү ал бажы операцияларын кылуу технологиясында билими жок жана кабары жок экенин айгинелейт», — деп маалымдады ведомствонун басма сөз кызматы.
Бажы кызматынын маалыматы боюнча, «Торугарт» өткөрмө пунктунда бардык документтер автоматтык түрдө жол-жоболуштурулат, ал эми товардын бажы төлөмдөрү Бишкекте төлөнөт.
Ошондой эле, бажы кызматы Орусиядан келчү жыгачтарды жана Казакстандан келчү сан эттерге байланыштуу махинациялар тууралуу Абакировдун айткандарына «катуу сын» менен мамиле кылыш керек деп эсептейт. Ведомствонун маалыматы боюнча, 2015-жылдын 12-августунда ЕАЭБге киргенден тарта Орусиядан, Казакстандан жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн кирген товарлардан бажы төлөмдөрү алынбайт.
Мындан тышкары, бажычылар кошумчалашкандай, Абакиров сунуштап жаткан өткөрмө пунктка онлайн көз салып туруу системасы 2019-жылдын мартында эле аяктаган.
Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, бардык өткөрмө пункттарында 534 видео камера орнотулган, алар товарлардын жана транспорттун бардык жүрүүлөрүн байкап турат. Ал эми ал жактан тартылып жаткан видео түз эфир режиминде Бажы кызматынын расмий сайтында көрсөтүлүп турат.
«Мурда министрликте өлкөнүн бажы жана салык саясатын аныктоочу чоң кызмат ордун ээлеп келген Абакиров, анын кесипкөйлүгүн жана иш билгилигине күмөн жараткан билдирүүлөрдү жасаганы өкүндүрөт. Анын бардык билдирүүлөрү биз тараптан шайлоо алдында пиар кылуу максатында популисттик катары бааланат», — деши бажы кызматынан.
Бажы кызматын сындоо
Бажы кызматы Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде катуу сынга алына баштаган. 2017-жылдын аягында бажы кызматынын башчылыгына Кубанычбек Кулматов дайындалган. Аны менен бирге бажы башчысынын орун басарлык кызматынан Райымбек Матраимовду бошотушкан.
2018-жылдын башында бийлик Борбордук бажыга түшкөн каражаттар эки эсеге, ал эми Ошто он эсе өскөнүн билдирген.
Ошол маалда эле коңшу Казакстан жана Кытай мамлекеттик ведомстволордун товарларды киргизүү жана чыгаруу боюнча маалыматтарынын айырмасы тууралуу билдиришкен.
«International Trade Centre» (Эл аралык соода борбору) уюмунун маалыматы боюнча, 2001-2008-жылдары Кытай дээрлик 13,6 млрд доллар суммадагы товарды Кыргызстанга киргизген. Ошол эле учурда Кытайда экспорт тууралуу маалыматта 67,2 млрд жазылган. Ошентип, 53,6 млрд доллардын «эсеби» чыкпай калды.
Ошондо Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстан Кытайдын Борбор Азияга кетчү товарлары үчүн транзиттик өлкө болоорун түшүндүргөн.
«Көп учурда, транзиттик товарлардын Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана Түркмөнстанга кетчү жолунда Кыргызстан биринчи турган өлкө катары ал көздөө өлкөсү катары көрсөтүлөт. Кытай статистиканы товар агымынын багытынын принциби боюнча түзөт, тагыраагы биздин аймак аркылуу өткөн транзиттик товарлар дагы экспортко киргизилет», — деп билдиришти ведомстводон.
Казакстандын Каржы министрлиги 2020-жылдын 8-июлунда Кыргызстандын экспорт жана Казакстандын импорт маалыматтары катуу айырмаланарын билдирген: Кыргызстандын сандары 10 эсе аз.
Кыргызстандын маалыматы боюнча, Казакстанга болгон экспорт 2019-жылдын 9 ай ичинде 18 млрд теңгени түзгөн, ал эми Казакстандын маалыматы боюнча — 186 млрд теңге. Мындан тышкары, каржы министрлигинен белгилешкендей, баанын төмөндөшүн жана жалган транзитти эсе алуу менен бул айырма дагы чоңоёт.
Мамлекеттик чыгымдар комитетинен маалымдашкандай, Кыргызстандан Казакстан менен Орусияга кетчү кытайлык товарлардын көлөмү Кытайдан Кыргызстанга расмий импорт көлөмүнөн 2 эсе ашат. Комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кытайдан Кыргызстанга 75 миң тонна товар импорттолгон, ал эми Казакстанга экспорттолуп, андан ары Орусияга 149 миң тонна товар өткөн.
Мындан тышкары «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттери иликтөө жүргүзүп, Кыргызстанда жүк ташуунун оор системасы аркылуу 700 млн доллар акча чыгарылганын аныкташкан. Буга Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүн.
ТЕМА БОЮНЧА: