Видео: Уюлдук телефондун жарыгында жүрөккө жасалган операция

Ооруканада электр жарыгы өчүп калгандыктан жалал-абаддык дарыгерлер уюлдук телефондун жарыгында жүрөккө операция жасашкан. Операция тартылган видео Кыргызстандын сыртында популярдуу болуп, интернет колдонуучулардын арасында чоң талкуу жаратты.

Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын түштүк аймактык илимий борборунун директору, профессор Калдарбек Абдраманов 10-октябрь күнү Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жүрөккө жасалып жаткан операция тартылган видео жайгаштырган.

Ал видеонун өзгөчөлүгү операциянын уюлдук телефондун жарыгында жасалгандыгында болгон — операция маалында ооруканада электр жарыгы өчүп калган.

Видео Кыргызстандын сыртындагы ондогон маалымат агенттиктерине чейин жеткен.

Хирургдун өзү окуяга баа бербестен, өлкөдөгү энергетикалык каатчылыктан улам электр жарыгы дайыма өчүп жаткан шартта медиктердин эмне кылуулары керектиги боюнча бир нече суроо узаткан.

«Мен үчүн буга жооп табуу кыйын болууда — кылмышпы же баатырдыкпы? Биз кантишибиз керек? Операциялык үстөлдөгү оорулунун өмүрүн негизсиз тобокелчиликке салып, операцияны уланталыбы? Операциялык топту стресске түшүрөлүбү? Жүздөгөн оорулууларды мезгилсиз өлүмдүн тобокелдигине дуушар кылып таштап коелубу? Биздин иштөөбүз үчүн тиешелүү шарттарды түзгөнчө канча күтүшүбүз керек?» — деп жазган ал.

Абдраманов тарабынан жайгыштырылган видео кыргыз интернет-коомчулугунун дуулдаган реакциясын жараткан.

«5-каналдын» аткаруучу директору Дмитрий Ложников президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика тармагындагы көйгөйлөрдөн улам Кыргызстан орто кылымга кайтып барбашы керек деген жакындагы билдирүүсүн кыйыткан .

«Оорукананы резервдик электр камсыздоо менен камсыз кылып коюу ушунчалык кыйынбы? Албетте, хирургдар баатыр, бирок бул окуядан орто кылымдын илеби сезилүүдө. Бир нече күн мурун эле кимдир бирөө орто кылымга кайтып барбаш керек деп айтып жатпады беле», — деп жазган ал.

«Биздин саламаттыкты сактоо мамлекеттке өгөй болуп турганда андан эмнени күтүүгө болот? Аны баары түшүнүп атат», — деп жазган Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку басма сөз катчысы Елена Баялинова.

Айдай Абдраманова аттуу колдонуучу бул окуяны бийлик байкабай калбашы керек деп эсептейт.

«Бул өкмөткө жетиши керек! Саламаттыкты сактоо министрлиги, Жогорку Кеңеш бир нерсе кылышы керек! Же алардын туугандары ал операциялык үстөлгө жатмайынча (андайды эч кимге каалабайм!) өлкөдө эмне болуп жатканына көңүл бурушпайбы?», — деп жазган ал.