Орусиянын «Башкы сахна» музыкалык теледолбоорунун катышуучусу Кайрат Примбердиев Kloop радионун «Музыкалык Релакс» программасында шоуго катышкандыгы, маршруткада ырдагандыгы жана ырчы Елена Ваенга менен бирге жаздырып жаткан ыры тууралуу айтып берди.

Примбердиевдин айтымында, ал дайыма Елена Ваенга менен ырдагысы келгенин жана чогу ыр жаздырууну орусиялык ырчынын өзү биринчи болуп сунуштаганын айтты.

«Мен ага бирге ырдап чыгууну сунуштагым келип жүргөн, бирок тартынгам. Мага анын графикасынан улам мени менен бирге ыр жаздыра албагандай сезилчү. Бирок Санкт-Петербургдагы алгачкы концертимен кийин ал менин сүрөтүмдү «Инстаграмдагы» баракчасына чыгарып, мени менен дуэт ырдагысы келип жатканын жазды. Бул мен үчүн күтүүсүз болгон»,— деп билдирди артист.

Примбердиевдин айтымында, Ваенга менен бирге жаздырылган ыр жаздын аягында чыгат жана орусиялык радиостанцияларда берилет.

«Ыр жаздын аягына чейин даяр болушу керек, анткени бизде Ваенганы Бишкекке чакырып, биргелешкен концерт өткөрүү пландарыбыз бар. Учурда аянтча боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди ал.

Елена Ваенга — «Башкы сахнадагы» калыстар тобунун мүчөлөрүнүн бири — январдын аягында Примбердиевди өзүнүн туулган күнүнө арналган концертине чакырган болчу.

Андан сырткары Примбердиев вокал теориясын жакшы билбестигин белгилеп, бирок өзүндө «тубаса талант» бар деп эсептей тургандыгын билдирди.

«Менимче, ырдоодо ноталарды билүү анчалык деле маанилүү эмес, анткени ырчы аспапты эмес, а өзүнүн үнүн башкарат. Үн акылга баш ийет, тагыраагы сен ырды угуп, обонун жаттап алган соң ырдай бересиң», — деди аткаруучу.

Видео: Кайрат Примбердиев менен болгон маек толугу менен

Ошондой эле «Башкы сахнанын» финалисти ал шоунун америкалык аналогуна катышуу ниетинде жакынкы убактарда ырчы ал максаттарды орундоо үчүн АКШга барууну пландап жатат.

Февралда Примбердиев Бишкектеги маршруттук таксилердин биринин жүргүнчүлөрүн таң калтырууну чечип, аларга салондун ичинен ырдап берген. Ырчы маршруткадагылардын кол чабуусунун коштоосунда андагы жүргүнчүлөрдү 19-февралда өткөн жеке концертине чакырган.

Кайрат Примбердиев өткөн жылдын октябрында Орусиянын «Башкы сахна» шоусуна катышкандан кийин кеңири атактуулукка ээ болгон.  Калыстар тобу анын аткаруусундагы Олег Газмановдун «Эскадронун» жогору баалашкан.

«Абдан уккулуктуу тембр. Өтө сонун угулду», — деген анда калыстар тобунун мүчөсү, орусиялык ырчы Валерий Леонтьев.

Видео: Анастасия Стрельникова