Быйыл Кыргызстандын кыз-келиндер командасы 12 өлкөнүн курамасын утуп, финалда Мексикага жеңилүү менен Көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунга ээ болду. Буга чейин көпчүлүккө белгисиз болгон команда эми спорттук жаңылыктардын эң башына чыкты. Kloop.kg кыргызстандыктардын эмне болгон чемпионатта ойногонун жана алардын ким экендиктерин түшүндүрүп берүүнү чечти.

Кыргызстандыктар быйыл үй-жайсыздар арасындагы көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатына алгачкы жолу катышкан жок, бирок кыз-келиндер курамасы быйыл гана жогорку жетишкендиктерге жетишип, экинчи орун алып отурушат. Финалда команда экинчи жолу чемпионаттын жеңүүчүсү болгон Мексика курамасына утулуп калды.

Эгер буга чейин кыргызстандыктардын көбү өлкө намысын коргогон кыздардан турган кураманын бар экендиги жөнүндө билбесе, эми анын 2016-жылдагы чемпионаттагы бир канча жолку жеңиши кыргыз интернетине бүтүндөй таралды.

Kloop.kg спортчулардын ийгилик тарыхтары менен бөлүшөт.

Аруке Таалайбек кызы, команда капитаны, 25 жашта

27711063664_f012a41555_k

Аруке Таалайбек кызы кичинекей кезинен эле короодо футбол ойноп өскөн. Кийин ал кыздардын футбол командасынын курамында Пригородный айылындагы мектепте окуган.

Күндөрдүн биринде ал адаттагыдай эле мектептин талаасынын бир бөлүгүндө балдар менен футбол ойноп жүргөн кезде талаанын экинчи бөлүгүндө мектептин курамасы алдыдагы футболдук мелдештерге даярданып жаткан. Ошол маалда курамага бир киши жетишпей жаткан экен — анан Арукени алмаштырууга чыкчу оюнчулардын катарында отуруп туруусун өтүнүшкөн. Эртеси негизги курамдагы кыз ооруп калат — күтүүсүздөн эле Аруке форманы алып, оюн талаасына чыккан. Мелдештин жыйынтыгында ал мыкты оюнчу деп табылган.

«Мен буга кызыгам — анан да мен балдар менен ойноп көнүп калгам, а анда кыздар футболду жакшы ойношот — мен үчүн ал башкача бир нерсе болгон», — деди Аруке.

Көрсө ал мелдеш улуттук жаштар курамасына тандоо үчүн өткөрүлүп жатыптыр — эки күндөн кийин Аруке мектептин футболдук аянтчасынан ал кезде белгилүү болгон «Эльдорадо» командасына барып калган.

«Ал кезде мен үчүн «Эльдорадо» жылдыздар болушкан. Ал азыркы «Барселона» менен «Реал Мадриддей» болгон», — деп эскерет кыргыз курамасынын капитаны.

Андан кийин Аруке жаштар курамасынын мышыктыруучусу болуп иштеген, а учурда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын капитаны.

«Футбол — бул жалгыз кишинин оюну эмес, ал команданын оюну, эгер [командада] жылдыз бар болсо, анда ал жылдыздардын командасы. Өз командамды мен жылдыздуу деп эсептейм, анткени ал менин командам, мен аны өтө жакшы көрөм», — деди ал.

Жамиля Ниязова, чабуулчу, 25 жашта

28248951591_2c606eeec9_k

Жамиля кичинекей кезинде Арукедей эле балдар менен футбол ойноп өскөн, бирок Ысык-Көл облусунун Түп айылында. Кийинчерээк үй-бүлөсү Караколго көчүп баргандан кийин 17 жаштагы Жамиля өз мектебинин атынан спратакиадага катышып, ал жерден аны учурдагы машыктыруучусу байкап калган.

«Мен мектепке формачан, фартук кийип алып барчумун, а окуудан кийин футбол ойночумун», — дейт ал.

Жогорку окуу жайында Жамиля орус филологиясы менен чет тилдерди окуган. Азыр футболдон сырткары жеке мектепте англис тили сабагынын мугалими болуп иштейт.

«Биз мелдештерге барганда мен которуп берип турам. Англис жана түрк тилдерин билем», — деди ал.

Наталия Гайворонская, дарбазачы, 25 жашта

Наталия көчө футболу боюнча быйылкы чемпионаттын мыкты дарбазачысы деп табылды
Наталия көчө футболу боюнча быйылкы чемпионаттын мыкты дарбазачысы деп табылды

Наталияны анын келечектеги машыктыруучусу ал короодо футбол ойноп жатканда байкаган.

«Менин машыктыруучум өтүп бара жатыптыр, анан мени колуман алып: «Жүрү, футбол ойнойбуз» деди. Мен аны менен барып, Дене тарбия институтунда машыга баштадым, анда «Азалия биринчи» деген команда бар болчу — мен ошол маалдан тарта дарбазада туруп келем», — деди ал.

Кийинчерээк Наталия «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча жогорку окуу жайын аяктаган.

«Мен бир жыл бухгалтер-аудитор болуп иштедим, бирок жакпай калды — ал меники эмес экен. Кантсе да мен спорттун кишиси окшойм», — деп билдирди ал.

Учурда Наталия «Абдыш-Атанын» кыз-келиндер командасында машыктыруучу болуп иштейт жана келечекте профессионалдуу машыктыруучу болууну каалайт.

«Мага дүйнөнү көрүп, адамдарды, айлана-чөйрөнү, коомду билүү мүмкүнчүлүгүн дал футбол берди — бардыгы тең футболдун эсебинен. Ошондой эле мен футболдун эсебинен жумушка ээ болдум. Азыр “Абдыш-Атада”, U-14 кыздар командасында иштейм», — деди ал.

Көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатынын финалындагы жеңилүүдөн кийин бардык эле команда мүчөлөрүндөй эле Наталия да абдан капаланган.

«Мексика менен болчу оюндун алдында далымда жараатым бар болчу, бирок албетте мен ал жөнүндө унутуп калгам — ойноп, бир нерсе кылуу керек болчу. Азыр Мексика курамасындагы кыздар жылдыздар. Бизде да алардан үйрөнчү көп нерселерибиз бар», — деп эсептейт ал.

Назик Күмүшбек кызы, чабуулчу, 19 жашта

Назик чемпионаттын мыкты бомбардирлеринин тизмесине кирди
Назик чемпионаттын мыкты бомбардирлеринин тизмесине кирди

Назик ата-энесинин камкордугусуз калган балдар тарбияланган SOS балдар кыштагында өскөн.

«Мында 2010-жылы спартакиада өткөн, мени машыктыруучум ошондо байкап калган. 2013-жылдан бери “Азалия” командасы үчүн ойноп келем», — дейт ал.

Ал командада Назик бүгүнкү күндө да ойнойт. Азыр ал «Манас» университетинин спорттук факультетинин биринчи курсунда окуйт.

Назик футбол анын мүнөзүнө абдан катуу таасир эткенин айтат — анын аркасы менен кыз бир топ жоопкерчиликтүүрөөк болуп калган.

Үй-жайсыздар арасындагы чемпионат

Үй-жайсыздар арасындагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты көчө футболунун эрежелери боюнча ойнолот. Анын эрежелери классикалык футболдун эрежелеринен айырмаланат — анда ар бир командадан талаага төрттөн оюнчу чыгат, а ар бир беттеш жети мүнөттөн болгон эки таймдан турат.

28223612072_c04477774e_k

Мелдеш жыл сайын өткөрүлөт. Анын эрежелерине ылайык, чемпионаттын катышуучулары «үй-жайсыз» макамындагы, аз камсыз болгон, баш калка издеген, алкоголдук же баңгизаттык көз карандуулуктан кийин реабилитациядан өтүп жаткан адамдар болушат.

«Назик SOS кыштагында жашайт, ошондой эле бизде ата-энеси таштап кеткен кыз бар, ага эч ким көңүл бурбайт жана дайыма айыптай беришет, ал өтө ыза болот. Команда капитаны мында [Бишкекте] жалгыз жашайт, үйү жок, биз достор катары бири-бирибизге жардам беребиз, башка кыздардын да өзүлөрүнүн көйгөйлөрү бар, бирок алар жөнүндө эч ким билбейт», — деди кураманын дарбазачысы Наталия Гайворонская.

Анын айтымында, чемпионаттагы оюнчулардын арасында үй-жайсыздар жок болгон — ал чемпионаттын эрежелерине туура келбегендиги боюнча футболчулардын даректерине айтылган айыптоолор менен макул эмес.

«Биз ыктыярчы болуп, үй-жайсыз адамдарга жардам берген бир жыл ичинде кандай иштердин аткарылганын эч ким билбейт. Мен жеке өзүм бир КамАЗ толтура кийим, оюнчуктарды чогулткам», — деди ал.

Кыргыз курамасынын алгачкы баскычтагы эң көрүнүктүү беттештери АКШ (8:2), Уэльс (8:2) жана кыргызстандыктар 14 мүнөттүн ичинде 11 топ киргизип, өз дарбазасына бир гана гол өткөрүп алган Норвегияга каршы өткөргөн оюндары болду.

28223614092_1bb1ba87e6_k

Экинчи баскычта команда Англия курамасын 9:0, Голландия курамасын 12:2 эсебинде уткан. Чили курамасына 0:1 эсебинде утулганы менен кыргызстандыктар финалга чыгып, Мексика командасынан жеңилүү менен чемпионатта экинчи орун алган.

Видео: Азат Рузиев, Тилек Бейшеналы уулу
Сүрөт: Нуржамал Жаныбекова, Homeless World Cup/Flickr