Оппозициячы Дастан Сарыгуловду коргоо комитети түзүлдү

Түзүлгөн коргоо комитети Дастан Сарыгуловго карата куугунтукту токтотуу талабы менен бийликке кайрылуу ниетинде. Оппозициячы 2016-жылдын жай мезгилинде «бийликти зордук менен басып алууга» даярданып жатат деген күнөө менен камакка алынган. Ал эми 2016-жылдын ноябрынан бери Сарыгулов үй камагында. Айыптап жаткан тарап аны 12 жылга эркинен ажыратууну талап кылууда.

Талас облусунун Манас айылында жүздөй адам оппозициячы Дастан Сарыгуловдун тарапташтарынын митингине чогулду. Жарандык активист Айбек Мырзанын айтымында, чогулгандар Сарыгуловду коргоо комитетин түзүшкөн.

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Дастан Сарыгулов 2016-жылдын 13-июнунда «бийликти зордук менен басып алууга» даярданып жатат деген күнөө менен кармалган.

Сүрөт: Айбек Мырза.

Ошол эле айыптоолор боюнча 2016-жылдын жаз жана жай мезгилдеринде Жалал-Абаддын мурдагы губернатору менен Бектур Асанов, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, эксперт Эрнест Карыбеков жана «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Толубай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана Тойгонбек Калматовдор кармалышкан.

Дастан Сарыгулов 2016-жылдын ноябрында өзүн начар сезе баштагандыктан үй камагына чыгарылган. Калгандары дагы эле УКМКнын ТИЗОсунда кармалууда.

Сарыгуловдун кармалышына интернетке жарыяланып кеткен телефон сүйлөшүүлөрү себеп болгон. Анда оппозициячылар Ошто жана Бишкекте митинг өткөрүү ыктымалдыгы боюнча талкуулашат. УКМКнын маалыматы боюнча, алар бийликти басып алууну пландашкан.

Солдон оңго: Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карабеков.

Сарыгуловдун кармалышына «Кумтөр», «Камеко» жана «Центерра» компанияларынын мурдагы президенти Леонард Хоменюктун жазган каты да себеп болгон. Башкы прокуратурага кайрылуусунда Хоменюк 2000-жылдарда Акаевдин үй-бүлөсүнө жакын адамдар тарабынан опузалап акча талап кылуу болгону тууралуу жазган.

Бул иш боюнча сот жабык тартипте өтүп, айыптоочу тарап мүлктөрүн конфискациялоо менен Дастан Сарыгуловду 12 жылга, Бектур Асановду 15, Кубанычбек Кадыровду 16, ал эми Эрнест Карыбековду 22 жылга эркинен ажыратууну талап кылууда.


ТЕМА БОЮНЧА: