УКМКнын башчысы менен башкы прокурор парламенттин алдында Текебаевдин кармалышы тууралуу маалымат беришти

Парламентте «Ата Мекен» партиясынын камакка алынган депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жыйын өттү. УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жана башкы прокурор Индира Жолдубаева оппозициячынын кармалышы тууралуу маалымат беришти.

Парламент жыйыны «Ата Мекен» фракциясынын парламенттеги убактылуу башчысы Алмамбет Шыкмаматов кызматташы Өмүрбек Текебаевдин камалышынын мыйзамдуулугун карап чыгыш үчүн өзүнчө депутаттык комиссия түзүүнү талап кылганынан башталды.

Андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаев жана башкы прокурор Индира Жолдубаева айыптоочу тараптын позициясын билдиришти.

Сегизбаев Текебаевдин кармалган жагдайларын толук айтып берди.

«Биз бул маселе коомчулук тарабынан кеңири сөз болуп жатканын түшүнүп турабыз, бирок бизде бул ишти иликтеп, калыс жана так чечимге келүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар», — деп сөз баштады Сегизбаев.

УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев.

Сегизбаевдин айтымында, УКМК 2010-жылдын май айында Дүйшөнкул Чотонов жана анын тууганы Талант Маматкеримов Орусиядагы телекоммуникациялык компаниялардын ээси жана ири ишкер Леонид Маевский менен Текебаевдин жолугушуусун уюштурушканын аныктаган.

«Ал Бишкектеги жолугушууда Маевскийге "Мегакомдун" акцияларын сатып алуу маселесин карап көрүү сунуш кылынган», — деди Сегизбаев.

УКМКнын башчысы Маевский компаниянын каржылык аудитин жүргүзүүнү сунуш кылганын, ага 1 миллион доллар жумшоо пландалганын кошумчалады.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев Маевскийден компанияны башкарууга жол ачып берип, тыштан адамдарды киргизбей аудит өткөрүш үчүн бир миллион доллар сураган.

«Маевскийдин мойнуна алганы боюнча, ал Текебаевдин жеке өзүнө миллион доллар берүүгө макул болгон. Акча каражаттарын өткөрүү тууралуу макулдашуу 2010-жылдын жазында-жайында түзүлгөн», — деди Сегизбаев.

УКМКнын башчысынын айтымында, Текебаевге акча ишенимдүү адамдар аркылуу 300 миң жана 700 миң долларлык эки бөлүк менен жеткирилген.

Андан соң тергөөнүн версиясы боюнча Текебаев Маевский үчүн жаңы шарт койгон — ал «Мегакомду» алып-сатууда бүтүмдүн баасынын 10-15 пайызын ага берүүнү сураган.

Орусиялык ишкер Леонид Маевский.

Сегизбаев тараптардын ортосунда талаш башталганын айтты, анткени Маевский андай сумманы накталай бергенге болбой турганын айтып кирген. Натыйжада Текебаев Маевскийдин «Мегакомду» башкарышына ошол бойдон жол бербей койгон.

Маевскийдин УКМКга жазган арызынан улам Текебаевге каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча иш козголгон.

Сегизбаев Текебаевдин аба майданында кармалышын атайын кызматтагылар аба майданына баратып мыйзамга каршы иштерди жасай башташкан Текебаевдин тарапкерлери менен кагылышуунун алдын алууга аракет кылышканы менен негиздеди.

«Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин кармалышы. Эмне белгилүү?

Мындан тышкары, Сегизбаевдин пикири боюнча, тергөө органдары оппозициячыны кармаганга негиз болгон, анткени Текебаевдин кылмышы тууралуу түз көрсөткөн күбөлөр бар.

Сегизбаев ошондой эле Текебаевге карата бардык тергөө иштери мыйзамга ылайык жүрүп жатканын айтты.

УКМКнын башчысы «Ата Мекендин» депутаттарына кайрылып, алардан кырдаалды курчутпагыла деп өтүндү.

«Тергөөгө, санкция берген сотко басым көрсөтпөгүлө, калыс жана ар тараптуу иликтөө жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк бергиле. Бардык иштер жүргүзүлгөндөн кийин алынган маалыматтар сотко өткөрүлөт, алынган далилдерге юридикалык баа берилет», — деди ал.

Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын айтымында, тергөөдө кылмыш ишинде кеп болуп жаткан окуялар болгону тууралуу кыйыр далилдер бар — бул жерде Маевскийдин Бишкекке учуп келиши жана бул ишке тиешеси бар адамдардын Москвага учуп барышы тууралуу кеп болуп жатат.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева.

Анын сөзү боюнча келишим түзүлүп жаткан учурда Текебаев кызмат адамы болгон — Убактылуу өкмөттүн башчысынын конституциялык реформа боюнча орун басарынын кызматын ээлеп турган.

«Андай орган бар. Биринчиден, Убактылуу өкмөттүн декреттерине ылайык мыйзам чыгаруучу, аткаруучу бийликтин ыйгарым укуктары Убактылуу өкмөткө өткөн. Андай декрет бар. Демек ал [Текебаев] кызмат адамы болуп эсептелет», — деди ал.

Ал Маевскийде азырынча жабыркаган тараптын статусу жок экенин, андыктан тергөө анын пара берүүгө тиешесин карай турганын билдирди.

Текебаев өзү кат жазып, аны «Фэйсбукта» анын адвокаты Искен Афиджанов жарыялады. Катта оппозициячы өзүнө коюлган айыпты чагым деп баалаган.

Президентти колдогон КСДП фракциясынын башчысы депутаттардан оппозициячынын ишин саясатташтырбагыла деп өтүндү.

«Текебаевди колдогон депутаттар элдин тынчын алып митингге чыкпастан, анын күнөөсү жок экенин далилдөөгө жардам бериши керек деп эсептейм», — деди ал.

Натыйжада депутаттар Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо боюнча өзүнчө комиссия түзбөй турган болушту. Алар «Ата Мекен» фракциясынын башчысынын камалышын Аида Саляновага карата ачылган кылмыш иши боюнча түзүлгөн комиссиянын алкагында карамак болду.

Жыйын учурунда парламент имаратынын жанында Текебаевдин жүздөгөн тарапкерлери чогулду. Алар оппозициячыны УКМКнын ТИЗОсунан бошотууну талап кылып жатышты. Андан тышкары, алар КТРКга түз эфир берүүнү талап кылып барышты, бирок телеканалдын администрациясы алардын талабын канааттандырган жок.

Текебаевдин тарапкерлери парламент имаратынын алдындагы митингде

Митингчилер парламент имаратына кайтып келип, ал жактан аларга «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова чыкты. Текебаевдин тарапкерлери өз митингин кечки алтыга жакын аякташты. Алар нааразылык акциялары уланат деп убада беришти, бирок жаңы митингдин убактысын жана ордун айтышкан жок.

Авторлоштору: Александра Титова, Сезим Каныбекова, Бексултан Амантур уулу
Митингдеги сүрөт: Данил Усманов