Кыргызстан жөнүндө кыска метраждуу фильм «National Geographic» сынагында утту

Италиялык блоггер Сара Иззи менен оператор Тимур Тугалев Британияын «National Geographic» уюмунун сынагын «Кыргызстанда жоголгондор» аттуу кыска метраждуу фильми менен утуп алышты. Алардын фильми Кыргызстандагы Соң-Көлдүн, Ысык-Көлдүн жана Орто-Токой суу сактагычынын кооздугун көрсөтөт.

Кыргызстандын кооздугу жөнүндө эки мүнөттүк ролик Британиянын «National Geographic Traveller» сүрөт сынагынын «видео» категориясында жеңип чыкты.

«Колдогонуңар үчүн чоң ырахмат! Ишенбей да турабыз! Биз Жеңдик!» — деп жазды «Фэйсбуктагы» барагында оператор Тимур Тугалаев.

Саякатчы Саранын айтымында, Тимур экөө бир жума бою Соң-Көлдү, Ысык-Көлдү жана Орто-Токой суу сактагычын тартышкан. Анан үч жума бою роликтер монтаждалган.

«Кыргызстанга саякатка баруу идеясы кокусунан эле чыккан, бирок бул өлкө мен барган жерлердин эң мыктысы болду. Кыргызстан — азырынча жапырт туризм менен бузула элек жомоктогудай республика», — деп эсептейт Сара Иззи.

Роликкке негизинен Сэм Хипвеллдин Түштүк-Чыгыш Азия (Мьянма, Тайланд, Вьетнам жана Камбоджа) элдери тууралуу кыска метраждуу фильми менен Борнеонун жаратылышы жана жаныбарлар дүйнөсү тууралууу Мэтт Жарвистин видеосу атаандаш болушкан.

Сэм Хипвеллдин фильми

Мэтт Жарвистин фильми

«Кыргызстанда жоголгондор» аттуу видеону блоггер жана саякатчы Сара Иззи өзүнүн «Жоголгон авокадо» («The lost Avocado») маалымат порталында 5-октябрда жайгаштырган. Кыска метраждуу фильм 4К-форматта оператор Тимур Тугалев тарабынан тартылган.

Ошондо эле видео тасманы өз сайтында Орусиянын «National Geographic» уюму жайгаштырган болчу.

Өзүнүн «Жоголгон авокадо» аттуу блогунда Сара Иззи «Lost in» деген жалпы ат менен ар кайсы өлкөлөрдөгү саякаты тууралуу кыска метраждуу фильмдерди жайгаштырат.

Кыргызстан тууралуу кыска метраждуу тасма бул сериядагы 11-чыгарма болчу. Сара Иззинин блогу үчүн видеороликтердин баарын режиссёр жана оператор Тимур Тугалев жаратат.


ТЕМА БОЮНЧА: