MC Doncha зордуктоонун курмандыгы тууралуу ырдап чыкты

Кыргызстандык MC Doncha деген ат менен белгилүү болгон Данияр Токтамамбетов кайрадан Орусиянын «Пусть говорят» ток-шоусуна чакырылды. Бул жолу ал зордуктоодон жапа чеккен кызды уяткарыш үчүн чакырылган.

Орусиянын «Пусть говорят» берүүсүнүн 7-марттагы чыгарылышында өз таанышы Сергей Семеновду зордуктап кетти деп айыптаган жашы жете элек Диана Шурыгинанын окуясы талкууланган.

Бул окуя тууралуу эфирге төрт берүү чыккандан кийин Шурыгина «Инстаграмда» көрүнүктүү блоггер болуп чыга келди. Бешинчи чыгарылыш Диана Шурыгинанын элдик чыгармачылыгына арналды — көрсөтүүдө зордукталган кыз тууралуу интернеттеги видео тасмалар көрсөтүлдү.

Кыргыз вайнери Токтомаметов Шурыгинага арналган видеочыгырыкты «YouTubeда» жана өз инстаграмында 25-февралда чыгарган. Инстаграмдагы тасманы жарым миллион киши көрдү.

Көрсөтүү учурунда Токтомаметов зордукталган кызга каршы чыкты.

«Блоггерлер баарына таасир этет, анткени эл сенин пикиринди угат. Мен жакында аял алып, кыздуу болчудай болуп турам. Ал менден: "Ата, 16 жашта балдар менен отурушка барган жакшыбы?” деп сурайт. Мен болсо: “Жок, 18 жаштан кийин гана барасың, анан кийин да жакшы балдарды 8 жылга отургузбагыдай бол” деп айтам» — деди ал.

Кыргыз вайнери MC_Doncha «Биринчи каналдын» эфиринде экинчи жолу көрсөтүлүп отурат. Буга чейин ал интернеттеги тамашаларга арналган көрсөтүүгө катышкан. Ал хитке айланып кеткен «Жаш агып жаткан» трегинен улам эфирге чакырылган.

Диана Шурыгинанын зордукталышы

Диана Шурыгина тууралуу берүүнүн биринчи чыгарылышында ал кыз тааныштарынын бирөөнүн туулган күнүнө арналган кечеде зордуктоого дуушар болгонун айтып берген.

Кыздын айтымында кечеде ал ичкилик ичип жатып уктап калган. Андан кийин анын баяны бир аз айырмаланып турат, адегенде ал уктап жатканда зордуктап кетишкенин айтса, кийин зордуктаар алдында сабап салшыканын билдирген.

Зордуктоого байланыштуу ал 21 жаштагы таанышы Семеновду айыптаган. 2016-жылдын декабрында сот Семеновду күнөөлүү деп таап, сегиз жылдык катаал тартиптеги колонияга өкүм кылган, бирок апелляциядан кийин анын мөөнөтү жалпы режимдеги үч жыл, үч айга чейин кыскартылган.

Өкүм жарыяланаары менен «ВКонтакте» түйүнүндө Шурыгинаны (азыр 36 миң киши жазылган) жана Семеновду (115 миңден ашуун) колдоо топтору пайда болду. Соттолгон жигиттин үй-бүлөсү адилетсиз деп эсептеген чечимге каршы күрөшмөк болуп, ишти коомчулуктун талкуусуна алып чыкты. Окуяны териштирмекчи болгон Семеновдун туугандары «Пусть говорят» берүүсүнө кайрылып, андан кийин тема кеңири сөз болуп кетти.

Диана Шурыгина тууралуу берүү чыккандан кийин көрүүчүлөр арасында да, интернет колдонуучулар ичинде да аудитория эки жаатка бөлүндү. Бири жабыркаган кызды аяса, экинчиси анын айтканын калп деп эсептейт.


ТЕМА БОЮНЧА: