Өкмөт башкалаадагы «Ак-Кула» ат майданын 300 миллион сомго кайра жасаткысы келет

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков быйыл Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданын кайра куруп чыгууну тапшырды. Нооруз майрамында көрүүчүлөр орун жетишпегендиктен ат майданынын түркүгүнө чыга калып, коомдук желе колдонуучуларды нааразы кылышкан.

Жээнбеков ат майданын кайра куруу 2017-жылдын планына киргенин жана аны аткарууга кирише берүү зарыл экенин айтты.

«“Ак-Кула” ат майданын кайра куруп чыгуу маанилүү иш болуп эсептелет, анткени жыл өткөн сайын калк арасында жана чет өлкөлүк коноктор ичинде ат оюндарына кызыгуу күчөп бараткан кези. Бул биздин өлкөгө туристтердин кызыгуусун арттырууга кошумча түрткү берет», — деди премьер-министр.

Эксперттердин баасы боюнча, курулуш иштери 300 миллион сомду талап кылат.

Өкмөт башчысы Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетке жана Бишкектин мэриясына ат майданын кайра куруу боюнча долбоорлорду көрсөтүүнү тапшырды.

Жээнбеков 21-мартта Нооруз майрамында ондогон адамдар ат майданынын түркүгүнө чыгып алгандан кийин «Ак-Кула» комплексине барган.

Ал күнү ат майданында орун жетишпегендиктен көрүүчүлөр мелдешти көрүш үчүн металл түркүктөргө жана бактардын башына чыгып кетишкен болчу.

Көрүүчүлөр тартылган сүрөттөр Интернетте бат эле тарап кетип, коомдук түйүндөрдү колдонуучуларды нааразы кылган.

Ички иштер министрлиги ат майданы коопсуздук талаптарына жооп бербей тургандыгын, ал эми Көк бөрү федерациясы спорттук мелдештерди зарыл деңгээлде уюштура албай койгонун билдирген.

Милиция көрүүчүлөргө штраф салууга жана ошол күнү ат майданында тартипке көз салган укук сакчыларына карата кызматтык иликтөө жүрогүзүүгө убада берген.


ТЕМА БОЮНЧА: