Чүй облусу: Милиция кайгуулчунун айдоочуну коркутканын изилдейт

«Фэйсбук» колдонуучусу Таалай Жунушов кайгуул кызматкери аны коркутуп атканы тартылган видео чыгарды. Чүй облусунун Кайгуул милиция башкармалыгынан бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп атканын кабарлашты.

Жунушовдун айтымында, анын машинасын кайгуул кызматкери Чүй облусунун Искра айылында токтоткон. Милиционер Жунушовдун ашыкча ылдамдыкта кетип баратканын айтып, бирок радарды көрсөтүүдөн баш тарткан.

Андан кийин айдоочу телефонун алып, видеого тарта баштаганда милиционер аны колунан тартып алып чөнтөгүнө салып койгон.

Жунушовдун оюнча, телефондо видео жазылып атканын инспектор байкаган эмес, анан аны коркута баштаган.

«Эркексиңби, эркекче сүйлө! Телефонго тартып, коркутпай. [...] Эй, өлтүрүп салам, эркекче айтайын!» — деп ызырынган милиционер.

Видеонун авторунун айтымында, милиционер телефон видеого тартып атканын билип калгандан кийин табелдик тапанчасын чыгарып, Жунушовду мушташка тартууга аракет кылган.

Качан гана айдоочу милицияга чала баштаганда, инспектор менен анын өнөктөшү шашылыш түрдө изин жашырып кетишкен.

Чүй облустук КМБдан Kloop.kgге кабарлашкандай, бул боюнча кызматтык иликтөө иштери башталып, чара колдонулмакчы.


ТЕМА БОЮНЧА: