Видео: Шаршеев реванштык мушташта Калининди жеңди

Дастан Шаршеевди депортация менен коркуткандан кийин ал Казан шаарына беттешүү өткөрүш үчүн кайрадан барды. Антон Калинин менен болгон реванштык мушташтын жыйынты боюнча кыргыз балбаны калыстардын бирдиктүү добушу менен жеңишке жетти.

Төрт айлампадан турган беттешүүдө Шаршеев атаандашына бир да мүмкүнчүлүк берген жок. Ал өзүнө ишенип, жигердүү кол салып жатты, ал эми таймаштын соңунда болсо атаандашын кулатып салды. Бул жолугушууну апрелде Шаршеевди депортация менен коркуткан калыс өткөргөнү көзгө урунду.

Видео:

Ушул жылдын апрель айында Казан шаарындагы Муз аянтында жаңжал чыккан. Анда ⅛ финалдык беттешүүдө орусиялык Антон Калинин менен кыргызстандык Дастан Шаршеев жолугушкан.

Төрт айлампанын жыйынтыгы боюнча калыстар тобу жеңишти Калининге ыйгарып салган. Шаршеев мындай жыйынтыкка макул болбой, рингден түшпөй койгон.

Кыргыз мушкери трибунанын уу-дуусу менен бир нече мүнөт тура бергенден кийин рингди бошотууга көндүргөнү келген коопсуздук кызматынын айткандарына да макул болгон эмес.

Андан кийин рефери келип, Шаршеевди депортация менен коркуткан. Анын сөзү да кыргыз мушкерин ынандырган эмес. Ал мелдештин алып баруучусунан микрофонду тартып алып, калыстарды адилеттикке чакырган.

Андан кийин Шаршеевди «туура эмес жоругу үчүн» мелдештен четтетүү менен коркутушкан. Бирок Орусиядагы спорттук калыстар агенттигинин президенти Шаршеевди колдоп, башкы реферини катуу сынга алган.

Кийинчерээк Шаршеев TNA лигасынын жетекчилиги ага реванштык беттешүү сунуш кылганын билдирген.

TNA эрежелери боюнча мушташтар — жыл бою Казан шаарындагы Муз спорт ордосунда өтүүчү мелдеш. Турнирде каратэ менен кикбоксингдин уруш техникалары колдонулат.

Ар бир беттеш үч айлампадан туруп, атаандаштар тең чыгып калса жеңүүчүнү аныкташ үчүн кошумча үч мүнөттүк айлампа өткөрүлөт.


ТЕМА БОЮНЧА: