Путиндин Кыргызстанга сапары: Орусия кыргызстандыктар үчүн кайрадан миграциялык мунапыс берет

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кандай гана болбосун миграциялык тартипти бузушкан кыргызстандыктар 22-апрелге чейин өлкөдөн тоскоолдуксуз чыга алышат. Орусияга каалаган убакта кайра кирүүгө болот жана орус бийлиги аларды административдик жоопкерчиликке тартпайт.

Эки өлкөнүн бийлиги мындай чечимди Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу сапарынын шартында кабыл алышты.

Бул орус бийлиги берип аткан алгачкы миграциялык мунапыс эмес. Жалпысынан Орусияда 800 миңге чукул кыргызстандык эмгектенет. 2018-жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 2,6 млрд сом которушкан, бул сумманын ичинен 98% Орусиядан жиберилген.