Сот «Жашылдар Партиясына» Ала-Тоо аянтында уранга каршы митинг өткөрүүгө тыюу салды

Уран казууга каршы митинг. 26-апрель. Сүрөт: Эрмек Байсалов / CABAR.asia

Партиянын башчысы Эркин Бөлөкбаев Бишкек шаардык соту уран казууга каршы митингди аянтта өткөрүүгө 26-апрелде эле тыюу салып койгон деп билдирди «Клоопко» курган маегинде. Партиянын мүчөлөрү 30-апрелде Ак үйдүн алдына тынчтык акциясына чыгып, андан соң өкмөт үйүнө барууну пландашкан.

Эркин Бөлөкбаевдин айтымында, райондук администрация митингди Горький атындагы сейил бакка жылдырууну өтүнүп сотко кайрылган. Жергиликтүү бийлик өтүнүчүн 30-апрелде аянтта иш-чаралар өтөт деп негиздеген.

«30-апрелде борбордук Ала-Тоо аянтында уран казууга каршы митинг өткөрөбүз деп акыркы чечимди кабыл алдык. Биздин конституциялык укугубуз бар. Мэрияга кайрылганда уруксат сурабайбыз да, биз кабардар кылабыз», — деди Бөлөкбаев.

Биринчи май райондук администрациясынан мындай чектөөлөр «коопсуздук максатында» киргизилип жатканын билдиришти.

«Бизде бүгүн, эртең иш-чаралар болот, 10-майга чейин иш-чаралар каралган. Адамдар митингге чыккылары эле келбейт да, алар шаар боюнча, жок дегенде борбордук бөлүктөрдө сейилдегилери келишет. Коопсуздук максатында биз мындай чектөөлөрдү киргизебиз. Биз тыюу салган жокпуз да. Каалашса митинг өткөрө беришсин, бирок 100 метр алысыраак. Коомдун тынчын алып кереги барбы?», — деп Бишкек мэриясынын администрациясынын Биринчи май району боюнча башчысы Токтосун Султанов «Клооптун» журналистине курган маегинде айтып берди.

Кыргызстандыктар апрелдин аягынан бери уран казууга каршы митингдерге чыгып келишет. Ысык-Көл облусунда бир катар митингдер болуп өткөн, анда «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы Таш-Булак уран кенинде геологиялык чалгындоо иштерин аяктап, ал жерде уран казганы даяр турган болчу. Балыкчынын айрым туругундары өздөрүнүн нааразылыгын билдирүү үчүн Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыгышты.

Активисттер да Бишкекте митинг өткөрүшкөн. Уран казууга каршы чыккандардын онлайн петициясы 29 миңден ашуун кол топтогон.

Митингдерден кийин бийликтегилер «ЮрАзия» компаниясынын уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү лицензиясы чакыртып алынды деп билдиришкен, бирок бир нече күндөн кийин өкмөт лицензияны жөн гана токтоткондугу тууралуу белгилүү болгон.

Муну менен катар эле парламенттин депутаттары уран казууга мораторий киргизүү боюнча эки мыйзам долбоорун демилгелешкен. Алардын бирөөсү өлкө боюнча 2070-жылга чейин уран казууга мораторий киргизүүнү шарттайт, ал эми экинчиси 20 жылга тыюу салып, Ысык-Көл облусу менен гана чектелет.