УКМК Манас Арабаевди кармады — ал сотторго басым кылган делип айыпталып жаткан

Манас Арабаев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Манас Арабаевди 2-июнда кармашкан. Ал изоляторго киргизилди. Тергөө «Коррупция» беренесинин негизинде жүргүзүлүүдө.

УКМК Арабаев «кызматтык абалынан кыянат пайдалангандыгын» аныктаган, ага ылайык «чет элдик инвесторлордун объекттери рейдерлик басып алууга дуушар болгон».

2018-жылдын май айында Сооронбай Жээнбеков Арабаевди президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылык кызматынан алган. Бул аны судьяларга басым көрсөткөн деп айыпташкандан кийин болгон — анда Арабаев «Ак үйдүн көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы» үчүн судьяларды кызматтан ала алат делген.

Ошондой эле Арабаев тарабынан судьяларга басым көрсөтүлүп жатканы тууралуу 2016-жылы депутат Канатбек Исаев да айтып чыккан болчу. Ал ошол учурда «бардыгы Манастын жана анын орун басары Алмаздын телефон чалуусу менен чечилет» деп айткан. Ал эми Атамбаевдин президенттик аппаратынан бул маалыматты четке кагып коюшкан.

Манас Арабаевди соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматына 2015-жылы ошол кезде президент болуп турган Алмазбек Атамбаев дайындаган. Буга чейин ал ушул эле бөлүмдө эксперт болуп иштеген.