Видео: Активисттер милиция кызматкерлеринин документтерин текшеришти

«Азаттык үнү» жана «Прецедент» өнөктөштүк тобунун укук коргоочулары Бишкектин милиционерлеринин документтерин текшерүү жана кармалган маалда кандай аракеттерди көрүү боюнча калкка маалымат берүү боюнча акция уюштурушту.

Акция 17-октябрда өткөрүлдү — укук коргоочулар Бишкектин райондору боюнча төрт топко бөлүнүшүп, жолуккан милиция кызматкерлеринен документтерин көрсөтүүлөрүн өтүнүшкөн.

Акциянын жүрүшүндө жолдон токтотулган он милиция кызматкеринин экөөсү гана укук коргоочуларга документтерин көрсөтүүгө макул болушкан.

Калгандары шашылыш жумуштары бар экенин айтышып, же Бишкек милициясынын басма сөз кызматына шылташып документтерин көрсөтүүдөн, комментарий берүүдөн баш тартышкан.

«Аны менен катар милиция кызматкерлери укук коргоочулар көрсөткөн мыйзамдагы шилтемелерге көңүл бурушкан эмес. Көрсө милиционер үчүн мыйзамдан да жетекчилигинин көрсөтмөсү маанилүүрөөк экен», — деп жазылган «Азаттык үнү» укук коргоо борборунун сайтында.

Авторлор: Шахида Дүйшеева жана Клара Абдукова