Видео: Депутаттык унаа жол чырак кызыл күйгөндө өтүп бара жатат

Парламенттин мамлекеттик 0032 KG номурлуу унаасы жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп кеткен — депутат тарабынан жол эрежесинин бузулгандыгы тартылган видео интернетте 17-февраль күнү пайда болду.

Видеодо мамлекеттик 0032 KG номурундагы «Мерседес-Бенц» унаасы жол чырактын тыюу салган белгисине карабай өтүп бара жаткандыгы тартылган. Азырынча ал унаанын депутаттардын кимисине жазылгандыгы белгисиз.