Видео: Кабарчынын көзү менен парапланда учуу

Kloop.kgнин кабарчысы Виталий Белошапкин жерден 300 метр бийиктикте парапланда учуу кандай экендигин өзү иш жүзүндө сынап көрдү.

Аңгеме анын өз сөзү менен баяндалмакчы:

Учуу “Ата-Бейит” комплексине жакын Чоң-Таш тоосунан башталды. Аны “Fly Dream” параглайдерлер тобу уюштурат. Менин инструкторум Вячеслав болду. Анын бир гана Кыргызстандын аймагында эмес, башка өлкөлөрдө да 15 жылдык парапланда учуу тажрыйбасы бар экен.

Өзү айткандай, Кыргызстан - учуу үчүн эң ылайыктуу жер.

Парапланда учуу коопсуз деп, эл ичинде аны парашют менен секиргенге теңешет, бирок бул андай эмес. Парашют жана параплан - бул таптакыр эки башка нерселер.

Парапланда жерге түшүү эмес, анда жердин үстүндө калкып учуп жүрүү болот. Жүргүнчү толугу менен эч нерсе кылбайт, баары менен инструктор алектенет. Вячеслав параглайдер спортун коопсуздук деңгээлине жараша кышкы спорт түрлөрү менен салыштырып өттү - лыжа жана сноуборд менен. Бардыгы спортсмендин эптүүлүгүнөн көз каранды.

Учуулар, негизинен, күн ачык жана азыраак шамал болгон кезде болот. 200 метрден учуу аба ырайына карата, болжол менен 3-7 минут созулат.

Учууга даярдануу, бизди жол тандабас менен жеткирген, тоонун үстүндө өтөт. Инструктор канатты жайып, башкаруучу жерине туташтырат, андан кийин гана пассажирди өз отургучуна учкаштырат. Кийин канаттарды ачуу үчүн 3-5 метрдей жүгүргөндөн кийин биз учуп жөнөйбүз.

Учуулар өзү коркунучтуу эмес, анткени бул жерде жерге түшүү абалы эмес, калкып учуп акырындап төмөндөө абалы болот.

Балким, эң коркунучтуу учур - жүгүрүү, анткени иш жүзүндө көз алдыңда тикелей эңкейиш бар, ошол тарапка чуркооң керек болот. А чынында болсо, бардыгы акырын жана жай-салмактуу болот, коркунучка болсо орун жок.

Учуу - бул укмуштуу сезимдердин бири. Парапланда ал жакшы сезилет, 300 метр бийиктикте маселелер жөнүндө ойлонууга мүмкүн эмес, бир гана таза аба жана эркиндик бар. Парапланда учуу - бул жашоодо жок дегенде бир жолу баштан өткөрүш керек болгон нерсе.