Видео: МАИ инспектору айдоочуга орой сүйлөп, кемсинтүүдө

Интернетте Мамлекеттик автоинспекциянын кызматкери менен ал токтоткон айдоочунун ортосундагы чыр тартылган видео пайда болду — анда инспектор унаа айдоочусу менен жанындагы кызды коркутууда.

Namba.kg ресурсунун Максим Хромов аттуу колдонуучусу өзүнүн МАИнин инспектору — прапорщик Байлобаев менен болгон чырлашуусу тартылган видеону жайгаштырган.

Максим Хромов Kloop.kgге берген маегинде МАИ кызматкери аны июлдун ортосунда Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылында белгиленген ылдамдыктан ашкандыгы үчүн токтоткондугун билдирди.

«Ылдамдыкты жогорулатканым үчүн токтотушкан, радары башка тарапты карап турганына карабастан айып пулду банк карточкам менен жеринде төлөгөм. Анда убактымды короткум келген эмес», — дейт айдоочу.

Хромовдун айтымында, чырдын чыгышына анын «башынан бери эле орой сүйлөп жаткан» инспекторго сын айтып койгондугу себеп болгон — ага жооп катары МАИ кызматкери айдоочу менен анын жанындагы кызды коркутуп баштаган.

«Унаанын ичинде отуруп протокол толтуруп жаткан кызматкер менен сүйлөшүп жатып берки кызматкердин сылык сүйлөөсүн өтүндүм. Бул айтканым тигини ыза кылып койду көрүнөт экөөбүз айтыша кеттик. Видеодо «сени менен катыныңды...» дегени даана угулуп турат. Ушуну уккандан кийин мен кармана албай калдым», — деди ал.

Видеодо тартылган окуянын 3 апта мурун болгонуна карабастан айдоочунун МАИ кызматкерине карата даттанууларына бир дагы мекеме жооп берген эмес.

«Мен Башкы прокуратура менен ИИМге ал видеону тиркеп эки арыз жаздым. Прокуратура арызымды ИИМге жөнөттү, а ИИМ болсо Республикалык МАИнин кароосуна жөнөттү. Андан бери 3 апта өттү, бирок күнөөлүү дагы деле жазалана элек», — деп жазган ал.

Азырынча бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн МАИнин басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.