Видео: Бишкектеги унаа базарынын сатуучулары машиналардын кымбатташы тууралуу

Бишкектеги «Азамат» унаа базарынын сатуучулары Kloop.kgге унааларды алып кирүү үчүн алынуучу бажы төлөмдөрү жогорулагандан кийин унаалар 500-1000 долларга чейин кымбаттагандыгын айтышты.

Унаа сатуучулар кийинки жылы унааларга болгон баалар кескин жогорулай тургандыгын божомолдоп жатышат. «Азамат» базарында дайыма иштеген Урмат Иманалиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын сентябрында бажы төлөмдөрү жогорулагандан кийин буга чейин алынып келинген унааларга болгон баалар жасалма түрдө көтөрүлүп кеткен.

«Мына азыр орусиялыктар көп келип, сатып алып жатышат. Эконом-класстагылар жакшы өтөт. Алсак, мына азыр дизель отуну кымбаттады, андан улам майды аз чыгымдаган унааларга болгон суроо-талап өстү. Алардын орточо баасы — 6 миңден 7 миң долларга чейин, а Бажы биримдигине киргенден кийин алар 9 миң же андан да кымбат болушу мүмкүн», — дейт ал.

Урматтын өзү болсо бажы төлөмдөрү жогорулагандан кийин сатып жаткан унааларына болгон бааларды орточо миң долларга кымбаттаткан.

«Мен «Джип Черокки» сатам. Унаа базары боюнча ал жалгыз болушу керек. Баасын 18 миң доллар деп койдум. Мурунку базарда ал 17 миң болчу. Бирок бажы төлөмдөрүнүн 200 долларга жогорулагандыгынан улам мен 18 миң кылдым», — деди ал.

Дамирбек Жумалиевдин унаа сатып иштегенине 10 жылдан ашты.

«Бул айда 10 миң доллар турган «Лексус» өткөн айда 7500 долларга сатылып жаткан», — деди ал.

Ал 2015-жылдын башталышы менен унааларга болгон баалардын 2-3 миңге кымбатташы күтүлөөрүн божомолдоду.

Сатып алуучулар көбөйдү

Сатуучу Татьяна Киприянова бажы төлөмдөрүнүн көтөрүлүшү менен базарда сатып алуучулардын саны көбөйгөндүгүн айтат.

«Билесиздерби, бардыгы тең унааларды азыр сатып алып жатышат.Чогулткан акчаларын чыгарышкандыр. Кайсыл бир убактарда сезон маанилүү болчу — сезонго жараша белгилүү бир үлгүдөгү унаалар кетчү, а азыр баары сатылууда. Жазбы, күзбү, кышпы айырмасы жок», — деди ал.

Киприянова базардагы сатуучулар 2015-жылдан тарта бажы төлөмдөрүнүн кымбатташына даяр экендиктерин айтууда.

«Мына бул «үч литрлүү» унаа үчүн 900 доллар бажы төлөмүн төлөгөнбүз. «Үч литрлүү» унаа 1 куб сантиметри үчүн 0,3 доллар болчу — бул 900 доллар, эми болсо куб сантиметри 1 доллардан болот. Ошондо 3000 доллар болуп калат. Бул бажы төлөмү гана. Ага кошумча унаанын өзүнүн баасы жана бул жакка алып келүүгө кеткен чыгымдар да саналат. Демек, бул унаа үч миң долларга кымбаттайт», — деп баалады ал.

Геннадий карындашына белек катары унаа сатып берүү үчүн Бишкекке Жалал-Абаддан келген. Ал унаалардын мынчалык кескин кымбаттоосун күтпөгөндүгүн айтты.

«Мына, бааларды карагылачы. Жакшы унаалар дайыма кымбат. А негизинен күйүүчү майды аз чыгымдаган унааларды карап жатканбыз. Алардын баалары азыркыга караганда арзан болчу. Азыр орточо баасы 15 миң. А буга чейин 14 миңден болчу», — деди ал.

Өкмөт 22-сентябрда унааларды алып кирүүдө алынуучу бажы төлөмдөрүн жогорулатуу жөнүндөгү токтом кабыл алган. Ага ылайык, унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша минималдуу төлөмдүн жогорулашы 100 долларды түзгөн.