Жыл сайын өтүүчү «Бейпил өтмөк» көчө фестивалы бүгүн Бишкекте үчүнчү жолу өтүүдө. Бишкектиктер Киев көчөсүнүн Логвиненко жана Исанов көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө түрдүү сынактарга катышышып, спорттук мелдештерге күбө болушуп, шаардын эң кызыктуу адамдары менен тааныша алышат.