Юрист Жанабил Давлетбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын департаментинин жарандардан «кассага түшпөй турган» акчаларды алып жаткан кызматкери тартылган видео жарыялады. Мыйзамга ылайык, төлөмдөрдүн бардыгы тең банк аркылуу өтүшү керек.

Давлетбаев Kloop.kgге берген маегинде Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулуктагы «Риом» унаа базарынын жанындагы бөлүмүнүн кызматкерлери 7-декабрда мамлекеттик номурларын оформить этип жаткан жарандардан 50 сомдон чогултуп жаткандыктарын айтты.

«Жол-жоболорго ылайык, салыктар менен төлөмдөрдүн бардыгы тең банк аркылуу төлөнөт. Бул коррупцияга каршы күрөшүү максатында. Мамкаттоо кызматынын кызматкерлеринин колуна бербөө үчүн. Акча төлөп, арызымды бергенден кийин менин мамлекеттик номур менен техпаспортумду гана алуум калган. Ошол маалда номурлар берилип жаткан кичинекей терезечедеги кызматкер номурларын алып жаткандардын ар биринен 50 сомдон алып жаткандыгын байкап калдым», — деди ал.

Юрист ар бир адамдан 50 сомдон алып жаткандыктарын «ашыкча» жана «мыйзамсыз» болгон деп эсептейт.

«Кезекте турганымда: «Эмнеге алып жатышат?», деп сурагам. Эч ким жарытылуу жооп бере алган жок. Адамдар эмне үчүн берип жаткандыктарын түшүнбөстөн эле тезирээк номурларын алып кетүү үчүн төлөп жатышты. Кээ бирлери: «Өзүңөр деле билесиңер да, алар деле жашашы керек да», деп жооп берип жатышты.Ал эмес кезекте турган адамдарда да ал акчалар кассага түшпөйт деген шектенүүлөр болуп жатты», — деп билдирди ал.

Давлетбаев анын кезеги келгенде камераны күйгүзгөн. Бирок Каттоо кызматынын кызматкери андан  50 сом сураган эмес.

«Камераны көрүп коркуп кеттиби же кезекте тургандардан мен гана жалгыз: «Ал 50 сомду эмнеге алып жатасыңар?», деп сураганыман бир нерсени сездиби, айтор: «Сиз бардыгын төлөгөн турбайсызбы, мен тигилерден алам» деди. Эмнеге төлөгөндүгүм түшүнүксүз. Анын кимден ала тургандыгы да түшүнүксүз», — дейт ал.

Юрист Мамкаттоонун кызматкеринин ал аракетинде пара алуу фактысы боюнча кылмыштын курамы бар деп эсептейт.

«50 сомдон сурашы бул анын ишбилги эместиги (ал Мамкаттоо кызматында иштейт да төлөмдөрдүн бардыгы тең банк аркылуу жүргүзүлөөрүн билбейт), же болбосо атайылап жасап жатканы. Калктын укуктук жактан сабатсыздыгынан пайдаланып алар таптакыр белгиленип, эч жакка жазылбай турган ал 50 сомду кошумча алып жатышат», — деп эсептейт  Давлетбаев.

Мамлекеттик каттоо кызматынан Kloop.kgге окуянын жагдайларын тактап жаткандыктарын билдиришип, түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.