Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай Жибек-Жолу проспектиси менен Буденный көчөсүнүн кесилишиндеги унаа токтотуучу жайда мыйзамсыз акча чогултууларга күбө болду.

Бишкек мэриясынын алдындагы Муниципалдык унаа токтотуу жайлары бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Рустам Алиев Kloop.kgге берген маегинде Аламүдүн базарынын айланасындагы аймакта акы төлөнүүчү унаа токтотуу жайларын иштетүүгө тыюу салынгандыгын билдирди.

«Өткөн жылдан бери Буденный, Муса Жалил, Курманжан Датка көчөлөрү жана Жибек-Жолу проспектиси менен курчалган аймак «Аламүдүн базарына» тиешелүү. Учурдагы эрежелер боюнча, ал аймак бекер унаа токтотуу жайы катары эсептелинет жана ал жерде акча чогултууга эч кимдин укугу жок. Бул Жер кодексинде жазылган», — деди Алиев.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 77-беренесине ылайык, жалпы колдонуудагы жерлерди уюмдар үчүн акы төлөнүүчү унаа токтотуу жайларын курууга берүүгө тыюу салынат.