Бишкектин жашоочуларынан турган топ парламент имаратынын алдында жаш балдарга карата сексуалдык зомбулук кылгандар үчүн жазаны катаалдантуу талабы менен акция өткөрүштү. Буга Бишкектен алыс эмес жайгашкан Озерный айылындагы эки жашар наристенин зордукталгандыгы себеп болду.

Жалпысынан акцияга 15тен ашык адам чогулган. Алардын бир бөлүгү жаш балдарды зордуктагандар үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын киргизүүгө чакырып жатышса, башкалары өлүм жазасы менен химиялык бычууну киргизбестен жазаны катаалдатуу керектигин айтып жатышат.

Тема боюнча: Милиция Озерныйдагы эки жаштагы наристенин зордукталгандыгын ырастады