Шаар бийлиги Бишкектеги коомдук транспорт кыймылынын жаңы схемасын сунуштады — ага ылайык, шаардын борбордук бөлүгү маршруттук таксилерден бошотулуп, ал аймак муниципалдык транспорт тарабынан гана тейленээри болжолдонууда.

Мэриянын планына ылайык, маршруткалардан шаардын Чүй, Манас проспектилери, Москва жана Абдрахманов көчөлөрү менен чектелген аймагы, ошондой эле Ош базарынын айланасындагы көчөлөр бошотулат.

Kloop.kgнин кабарчылары бишкектиктердин арасында шаар бийлигинин демилгеси жөнүндө кандай ойдо экендиктери боюнча сурамжылоо жүргүзүштү:

Шаардыктардын пикирлери ар түрдүү болуп чыкты. Бир бөлүгү борборду чынында эле маршруттук таксилерден бошотуу керек деп ишенишсе, башкалары автобус жана троллейбустар сыяктуу алтернативанын жоктугуна байланышкан ыңгайсыздыктардан кооптонушат.

Урматтуу окурмандар! Бишкек мэриясынын бул демилгеси боюнча кандай ойдосуңар? Маршруттук таксилердин шаар борборунда жүрүшүнө тыюу салуунун канчалык зарылдыгы бар? Өз пикирлериңиздерди төмөнкү жакка жазып калтырыңыздар.