Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкери Москва районунун Сахарово айылындагы миграциялык борбордо үч миң кишиден турган кезек күтүүнү видеого тартып алган. Элчиликтин маалыматы боюнча, борбордо түзүлгөн шарттар жаза аткаруу системасынын жайларындагы шарттарга окшош.

Кыргызстандын элчилиги миграциялык борбордун ишмердүүлүгүнө кийлигишип, тартипке келтирүү өтүнүчү менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) нота жөнөттү.

«Павильондо киши көп болуп, бири-бирин жөөлөгөндөр көп. Биздин жарандар менен сүйлөшкөндө алар кеминде 3-5 саат кезекте тургандыктарын айтышты. Мамлекеттер аралык миграциялык борбордун (ММБ) жарандар кызмат үчүн акча төлөй турган башка павильондорунда документерди тапшырышат», — деп билдирди кыргыз ТИМи.

Элчиликтин маалыматы боюнча, миграциялык борбордогу тартиптин сакталышына көзөмөл жүргүзгөн «Кельт» жеке күзөт ишканасынын кызматкерлери «чет элдик жарандарга өтө орой мамиле жасап, аларды кагып-силкишет».

«Мамлекеттер аралык миграциялык борбордун аймагы тикенек зымдар менен тосулуп, иттер менен кайтарылат. Мындай абал абакты элестетип, келген кишилерге моралдык-психологиялык басым жасайт», — деп билдирди Кыргызстандын ТИМи.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги элчиликтин кызматкерлери күбө болгон шарттар миграциялык борбордун көп сандагы эмгек мигранттарын кабыл алып, аларды тейлөөгө даяр эместигин көрсөтүп тураарын билдирди.