Америкалык сноубордчулар Фей Гулини менен Джастин Рейтер Бишкектен алыс эмес жайгашкан «Чункурчак» тоо лыжа базасында сноуборд тебүү боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү. Спортчулар балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын үйрөтүү үчүн Кыргызстанга бир жумага келишкен.