Тынчтык проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде эки унаа жана автокран сүзүшкөн — жыйынтыгында таксинин жүргүнчүсү жабыркады. Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай кырсыктын катышуучулары менен маектешти.

Кырсык 4-апрель күнү эртең менен Масалиев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде болгон.

Масалиев көчөсү менен бара жаткан автокран солго бурулуп жаткан «Тойота» үлгүсүндөгү такси менен сүзүшкөн.

Сүзүлүшүү маалында кран жолдо өтүп бара жаткан «Мерседеске» тийип, айдоочусу рулду башкара албай электр мамысына барып сүзүлгөн.

Кырсыктан таксинин жүргүнчүсү жабыркаган — андагы кыз башынан жаракат алган.