Кыргызстандагы алты саясий партиянын лидерлери «Шайлоо – 2015-2020: жаштар үчүн өнүгүү, билим, эмгек жана келечек» деген аталыштагы форумда жаштар менен жаштардын демилгелерин колдоо боюнча шайлоо алдындагы программаларын тааныштырышты.
Өз программаларын КСДП, «Ата Мекен», «Мекен Ынтымагы», парламенттик оппозициялык блок, «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» жана «Бир Болдун» лидерлери тааныштырышты.
Уюштуруучулар форумдун негизги темасы катары билим берүү жана экономикалык системаларда реформа жүргүзүүнү, ошондой эле жаштар үчүн жумушчу орундарын түзүүнү белгилешкен.
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков
Турсунбеков саясий партиялардын лидерлеринин арасында жаштарды колдоо боюнча партиясынын шайлоо алдындагы программасын тааныштырган жалгыз лидер болду. Фракциянын айтылган демилгелеринин арасында мектеп мугалимдеринин айлыктарын жогорулатуу, Балдар тууралуу жаңы кодексти кабыл алуу жана «100 миң жумушчу ордун түзүү» демилгелери бар.
Аны менен катар КСДПнын лидери партиянын парламенттин жаңы чакырылышында иштеши үчүн программа иштеп чыгууда «жаштардын пикирлерин эске ала тургандыктарын» убадалады.
«Биринчиден, 2011-жылдан тарта биз мугалимдердин айлыктарын жогорулатып баштаганбыз, 1-сентябрдан баштап дагы жогорулатабыз. Эгер мугалимдерде бардыгы жакшы болсо — демек балдарда да ошондой болот. Экинчиден, биз, социал-демократтар жаңы балдар кодексин иштеп чыктык, анткени 2004-жылкы эскиси иштебей келген. Биз аны өзгөртүп кайрадан иштеп чыгып, балдардын жаңы кодекси 2012-жылы күчүнө кирди. Жумушчу күчтөрдүн миграциясынын өсүүсүн токтотуу үчүн жумушчу орундарын бул жакта түзүү керек. Биз аймактарда 100 миң жумушчу орундарды түзөбүз», — деп убадалады Турсунбеков.
«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Текебаев сөзүнүн башында жаштар жумуштун жоктугуна «азыраак даттанып», «саясатка көп көңүл буруусун» токтотушу керектигин айтты.
Ал анын партиясы жаңы билим берүү программасын даярдап жатканын кошумчалады. Айтымында, кыргыз мектептери балдарды советтик система боюнча окутуп жатышат.
«Мен өзүм мугалим болуп 10 жыл иштегем. Мектептердеги инфраструктура 10-15 жылга артта калууда. […] Бүгүн мугалимдер советтик система боюнча билим берип жатышат. Биз айыл мектептерине санарип технологиясын киргизүүнү каалап жатабыз», — деди «Ата Мекендин» лидери.
Текебаев жаштар «дайыма эле саясатта болбогондуктан» аларды көбүрөөк окууга жана иштөөгө чакырды. Бирок ал сүйлөмдө «дайыма эле» деген сөз кандай мааниде экенин тактап айткан жок.
Парламенттик оппозициялык блоктун лидери Равшан Жээнбеков
Оппозициялык депутат Равшан Жээнбеков Кыргызстанда «начар саясий система» болгондуктан, өлкөдө эч нерсени өзгөртүүгө болбостугун айтты. Парламентарий келечекте бир нерсе өзгөрүшү үчүн жаштар чет өлкөлөргө окууга кетиши керектигин кошумчалады — ал тармактар боюнча билим берүүдө мыкты деп эсептелген өлкөдөрдү санап берди — Анын айтымында, мисалы, технология жагынан Түштүк Корея, а медицина жагынан Швеция менен Швейцарияда жакшы.
«Саясий системаны өзгөртмөйүнчө биз эч нерсе сунуштай албайбыз. Мен тараптан бул анчалык сылык болгон жок. Менин башымда бийлик системасы өзгөргөндөн кийин ишке ашыра турган идеялар көп», — деди ал.
Ал шайлоого кайсыл партиянын катарында барарын ачыктап айткан жок, бирок альянс түзүү үчүн көз карандысыз саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.
«Бир Бол» партиясынын өкүлү Досалы Эсеналиев
Эсеналиев башка депутаттар сыяктуу эле «Бир Болдун» шайлоо алдындагы программасынын жаштарга байланышкан бөлүгү тууралуу эч нерсе айткан жок.
Жалпысынан ал эч нерсе деле айткан жок, болгону «өнүгүүнүн пайдубалы» — бул «мамлекеттик идеология» экенин белгиледи.
«Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясынын лидерлери Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаров
«Дордой» корпорациясынын ээси Аскар Салымбеков Кыргызстандагы экономикалык кырдаал коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк бербестигин билдирди.
«Өлкөдө айлык акы 5 миң сом болуп турганда коррупция менен күрөшүүгө мүмкүн эмес», — деп эсептейт Салымбеков.
Ал Кыргызстан үчүн «атаандаштыкка туруштук берчү жаштарды» илгерилетүү зарыл болгондуктан кыргызстандыктар «бала кезинен эле мыкты болуп жетилиши керектигин» кошумчалады.
Адахан Мадумаров өз сөзүн жаштардын кыргыз тилин «начар билгендиги» жана туура эмес суроолорду бергендиги үчүн жемелөө менен баштады.
Андан соң ал бириккен партиянын саясий программасы тууралуу айтып, кайрадан «президенттик системага» жана Кыргызстандын Конституциясынын 1993-жылы кабыл алынган алгачкы редакциясына кайтып барууну сунуштады.
«Орусияны карагылачы. Анда Ельцин убагында кабыл алынган Конституция иштеп жатат — алар кандай өнүгүп жатышат», — деп мисал келтирди ал.
Ошондой эле «Бүтүн Кыргызстан — Эмгектин» лидери өлкөдөгү мамлекеттик жогорку окуу жайлардын санын 52ден 7ге чейин кыскартуу керектигин билдирди — айтымында, анын ордуна мамлекет жогорку билим берүү мекемелерин аяктаган бүтүрүүчүлөргө кепилденген жумушчу орундарын берүүсү керек.
Андан соң Мадумаров чогулгандарга чет өлкөдө окуу жана иштөө тууралуу кыялданбастан, «Кыргызстанды өнүктүрүп», аны «көтөрүүнү» сунуштады.