Кыргыз-немис симфониялык оркестринин концерти Улуттук филармонияда өттү. Чоң концерттик залда Фридрих Гульд, Отто Шварц, Альфред Рид, Калый Молдобасанов жана башка композиторлордун чыгармалары аткарылды.

Концерттин катышуучусу виолончелист Александр Спрег Кыргызстанга алгачкы жолу келди. Kloop.kgге курган маегинде ал кыргыз жана немис аудиториясынын айырмачылыктары тууралуу айтып, Германияда элдик таң калтыруу оорураак экенин белгиледи.

«Мында адамдар музыка уккандыгына бактылуу. Залдагыларга жагып жатканын көрүп ойноо абдан жагымдуу. Ойноп жатканда алардын жылмаюуларын көрөсүң», —деди музыкант.

Концерт «Жибек Жолунун жылдыздары» аталышындагы Экинчи эл аралык искуссиво фестивалынын алкагында өттү.

Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы 15тен ашык музыкалык чыгарма аткаргын германиялык музыканттарды кабыл алды.

Чоң концерттик залда Фридрих Гульд, Отто Шварц, Альфред Рид, Калый Молдобасанов жана башка композиторлордун чагырмалары жаңырды.

Алардын арасында «Жалгыз койчу», «Жаздын добушу, «Жер шарын 80 күндө айлануу», «Эненин ыры», «Мени менен бол» жана башка чыгармалар бар.

Текст жана видео: Азат Рузиев менен Тилек Бейшеналиев