Бишкекте «Бишкек жылуулук тармактары» ишканасынын жүк унаасы менен маршруттук таксинин сүзүшүүсүнөн улам алты киши жабыркады — кырсык 17-сентябрь күнү борбордун Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Борбордун Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде  «Бишкек жылуулук тармактары» ишканасынын ЗИЛ унаасы маршруттук такси менен сүзүшкөн. Соккудан улам «маршрутка» бурчтагы жол чырагына барып тийген — андан улам кичи автобустун айнектери талкаланган.

Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү азырынча айдоочулардын күнөөлөрү аныктала электигин билдиришти.

«Учурда тергөө иштеринин алкагында айдоочулардын күнөөлөрүн аныктоо үчүн экспертиза өткөрүлүүдө. Ал бүгүн [18-сентябрда] бүтүшү керек, андан соң күнөөлүүлөргө карата тиешелүү чаралар көрүлөт», — деди ЖККнын тергөө бөлүмүнүн башчысы Каныбек Сулайманов Kloop.kgге курган маегинде.

Ал кырсыктын катышуучуларынын автоунаалары азыркы тапта айып унаа токтотуу жайында экенин кошумчалады.

Кырсыктан маршруттук таксинин алты жүргүнчүсү жабыркаган — алар ооруканага жеткирилишти, учурда алардын экөөсү — оор абалда.