Жол кайгуул кызматы тарабынан текшерилген маршруттук таксилердин дээрлик бардыгы тең коопсуздук эрежелерине жооп беришпейт. Мындай бүтүмгө мекеме кызматкерлери кичи автобустардын абалын текшерүү боюнча өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгында келишкен. Эреже бузуулардын негизгилери эскирген дөңгөлөктөр, орундуктардын жетишсиздиги, транспорт каражатынын күзгүсүнүн жана иштеген кол тормоздорунун жоктугу.

ЖКК инспекторлору 12-кичи райондогу акыркы аялдамадан жыйырмадан ашык кичи автобусту текшеришти. Алардын пикирлеринде, текшерилген маршруттук таксилердин үчөөсү гана жүргүнчүлөрдү ташып жүрүү эрежелерине жооп берет.

Жол кайгуул кызматкерлери кичи автобустарда орундуктардын жетишсиздиги, тиешелүү күзгүлөрүнүн жоктугу, кол тормоздорунун иштебегендиги, ошондой эле дөңгөлөктөрүнүн өз учурунда алмаштырылбагандыгы үчүн айдоочуларга айып пул салышты. Бул сыяктуу эреже бузуулар үчүн төлөнчү айып пулдун көлөмү эки миң сомду түзөт.

Бишкек шаардык ЖККсынын башчысынын орун басары Турусбек Абдыжапаровдун айтымында, баарынан да эрежелерге ылайык эмес жабдылган маршруттук таксилер көбүрөөк кырсыктарга кабылышат.

«Эгер техникалык мүнөздөмөсүндө 18 орундук деп жазылып турган болсо, анда 18 орундук болушу керек. [Айдоочулар] көбүрөөк киши батсын деп бир нече орундукту алып салышат, а андай кылууга таптакыр болбойт. Артты көрө турган күзгүлөрдү алмаштырып, капталдагы айнектерине терезе пардаларын тагып алышат, ал деген айнегин караңгылатып алуу менен барабар», — деп билдирди Абдыжапаров.

Айдоочулардын өзүлөрү болсо транспорт каражатынын эч нерсесин алмаштырбагандыктарын айтып жатышат — алар кичи автобустарды ижарага алышат да калган орундуктардын каякта экенин жана эмнеге кол тормозунун иштебестигин билишпейт.

«Мен 18 орундукту каякка батырышым керек? Жок дегенде 18 орундугу бар бир маршрутка көрсөтүңүздөрчү! Жүргүнчүлөр кантип өтүшөт?» — деп жооп берди 145-каттамдагы маршруттук таксинин айдоочусу ЖКК кызматкеринин орундуктардын жетишсиздиги тууралуу берген суроосуна.

ЖКК «Жүргүнчү транспорту» аталышындагы рейдди 23-сентябрда өткөргөн.

ЖККнын техникалык бөлүмүнүн башчысы Белек Алымов Kloop.kgге курган маегинде инспекторлор рейддин мурунку күнү транспорт ишканаларынын директорлору менен кеңешме өткөрүшүп, «жүргүнчү транспортунун айдоочусу жана анын башкаруусундагы унаанын кандай болушу керектигин» түшүндүрүшкөн.