27-сентябрда Чүй облусунда маунтинбайк — тоо велосипеддери менен жарышуу боюнча ачык чемпионат өттү. Быйылкы мелдештерге рекорддук сандагы 39 спортчу катышты.

Бул маунтинбайк боюнча Кыргызстандын үчүнчү чемпионаты жана быйыл ага эң көп сандагы спортчулар катышышты: «Кашка-Суу» тоо лыжа базасына 39 велосипедчи барды. Өткөн жылкы чемпионатка болгону 30 спортчу катышкан болчу.

Free Ride дисциплинасы боюнча сегиз спортчу жарышка түштү, а калгандары — «Сүйүүчүлөр» жана «Элита» деген эки категорияга бөлүштүрүлүшүп, Down Hill дисциплинасында мелдешишти.

Эркин жүрүш жарышында белгиленген аралыкты 2 мүнөт 02 секундда басып өткөн Эдуард Сулайманов биринчи болду. Экинчи орунга Арсений Ткачев ээ болду — ал аралыкты 2 мүнөт 57 секундда басып өттү. Үчүнчү болуп 3 мүнөт 30 секунд жыйынтыгы менен Егор Панов келди.

Down Hill категориясындагы «Сүйүүчүлөр» тобунда эң мыкты көрсөткүчтү Валерий Черных көрсөттү, ал мара сызыгына 3 мүнөт 22 секунд убакытта келди. Анын артынан алты секундка кечигип Темирлан Аскаров келди — анын жыйынтыгы 3 мүнөт 28 секунд. Үчүнчү орунга 3 мүнөт 28,19 секунд жыйынтыгы менен Валентин Мельников ээ болду.

Ошол эле категория боюнча «Элита» тобунда биринчи орунду 2 мүнөт 28 секундда келген Глеб Кармозин ээледи. Экинчи болуп Жоомарт Кумакбаев келди — анын жыйынтыгы 2 мүнөт 40 секунд. Ал эми Артем Решетников 2 мүнөт 44 секунд көрсөткүчүнө жетишип үчүнчү болду.

«Спорттун бул түрү Европада жана башка чет өлкөлөрдө, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө популярдуу болуп эсептелет. Кыргызстанда болсо жыл өткөн сайын жакшы өтүгүп жатат, КМШ өлкөлөрүнөн көп катышуучулар келе башташты, биздикилер да абдан кызыгып жатышат», — деди R-Bikers тоо велоспорту федерациясынын мүчөлөрүнүн бири Виктор Нищеглотов Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.