Борбордун бюджети талкууланган Бишкек шаардык кеңешинин 13-октябрдагы жыйынында вице-мэр Замирбек Малабаев Бишкектеги жер салыгын эки эсеге жогорулатууну сунуштады. Анын айтымында, бул шаардык бюджеттин кошумча 200 миллион сомдон ашык сумманы алуусуна мүмкүндүк берет.

Бул сунушун Малабаев Бишкек шаардык кеңешинин 13-октябрдагы жыйынында айтты. Жыйын шаардын 2015-жылга каралган бюджетинин аткарылышына арналган болчу.

Вице-мэр борбордо жер салыгын эки эсеге жогорулатуу тууралуу токтомдун долбоору Кыргызстандын Экономика министрлигинин кароосунда экенин айтты.

«Электр энергиясына болгон тарифтер да жогорулады. Калк жер салыгын төлөшү керек, ошондо [шаардык бюджеттин] киреше бөлүгүнө 200 миллион сом көбүрөөк акча түшөт», — деп эсептейт Замирбек Малабаев.

Шаардык кеңештин бюджет жана каршы маселелери боюнча комиссиясынын өкүлү Эрнис Докенов бул бишкектиктердин арасында нааразычылыктарды жаратышы мүмкүндүгүн белгилеп, жер салыгын кийинчерээк жогорулатуу керектигин айтты.

«Жылдын аягына чейин эки жарым ай калды. Бул токтомду эмдиги жылы кабыл алып, [жер салыгын] 2017-жылы жогорулатуу максаттуураак болмок», — деди Докенов.

Бишкек шаардык кеңешинин жыйыны

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Бишкектин вице-мэри Замирбек Малабеков азырынча өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке киришинен шаардын бюджети үчүн натыйжаларды көрбөй жатканын айтты.

«2015-жылдын январь-август айларында өнөр жай азыктарынын физикалык көлөмүнүн индекси 86,9 пайызды түздү [2014-жылдын ушул эле мезгилиндеги индекстен]. Буга чейин мындай болгон эмес. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр апрелден бери төмөн түшүүдө», — деди ал.

Малабеков бюджеттин аткарылышын «кубантарлык эмес» деп атады. Ошентсе да ал «көрсөткүчтөр жакшырышы керек» деген үмүтүн билдирди.

Андан сырткары жыйында райондук администрациялардын өкүлдөрү Бишкектин райондорунун 2015-жылдын алгачкы тогуз айындагы кирешелери тууралуу отчет беришти. Алардын маалыматтарына ылайык, 2015-жылы баарынан да Биринчи май районунун кирешеси көп болгон, а Октябрь районунуку эң аз:

  1. Биринчи май району — 1 миллиард 636 миллион сом;
  2. Ленин району — 1 миллиард 360 миллион сом;
  3. Свердлов району — 1 миллиард 136 миллион сом;
  4. Октябрь району — 797,8 миллион сом.

Бул сандар негизинен салыктан түшкөн каражаттардан турат. Ошондой эле бул суммаларга таштанды чыгаруудан түшкөн кирешелер да кирет.