№50 тергөө абагынан качкандан кийин кармалып, 21-октябрда абакта каза болгон Муратбек Жумалиевдин туугандары бийликтен анын сөөгүн берүүнү талап кылышты.

Жумалиевдин туугандары 22-октябрда өткөн маалымат жыйынында өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылышты. Алар жерге берүү үчүн Жумалиевдин сөөгүн берүүнү өтүнүп жатышат.

«Бизге бир тууганыбыздын сөөгүн бергилечи, сураныч. Ал күнөөсүз эле соттолуп кеткен, биз аны дээрлик жети жыл көргөн эмеспиз. Жок дегенде аны адам катары көмүүгө бергилечи», — деди Жумалиевдин бир тууганы Зарина Жумалиева президентке кайрылып.

Ал мыйзам боюнча, каза болгон террористтердин сөөгү берилбестигин, бирок Жумалиев терроризм үчүн эмес, а адам өлтүрүү үчүн соттолгонун белгиледи.

Жумалиевдин туугандары анын «саламаттыгында эч кандай көйгөйлөрдүн жок экендигине» карабастан колго түшүрүлгөндөн кийин ал абакка эс-учу жок абалында жеткирилгендигин билдиришти.

«Анын ден соолугунда эч кандай көйгөй жок болчу, а дайыма ден соолугуна карап, нормалдуу тамактанчу», — деп билдирди анын бир тууганы Урмат Жумалиев.

Ал анын бир тууганын «өлтүрүп койгон» болуулары мүмкүн деп эсептейт.

«[Укук коргоо органдарындагы] белгилүү бир адамдар анын өлтүрүлүшүнө кызыкдар, анткени алар өзүлөрүнүн кызматтык кылмыштарын жашыргылары келип жатат», — деди ал.

Зарина Жумалиева алардын №50 тергөө абанан качуусу «атайын уюштурулган» болушу мүмкүн деген пикирди айтты.

«Менин пикиримде, ал жакка таптакыр эле башка адамдар кирип [абактын төрт кызматкерин] өлтүрүп, камераларды ачышкан», — деди ал.

Муратбек Жумалиев — 12-октябрга караган түнү №50 тергөө абагынан качып, бирок ошол эле күнү кайра кармалган кылмышкерлердин бирөөсү. 21-октябрда Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат ал жүрөк кемтиги оорусунан жана баш сөөгүндөгү жаракаттан улам каза болгонун билдирген.

Жалпысынан 12-октябрда №50 тергөө абагынан тогуз киши качып, алардын бешөөсү ошол эле түнү колго түшүшкөн.

Алардын үчөөсү (арасында Жумалиев да бар) каза болду —экөөсү жүрөк кемтиги оорусунан жана дагы бирөөсү баш сөөгүндөгү жаракатынан улам.

Учурда абактан качкандардын экөөсү эркиндикте калууда: Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов. Калган экөө — Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев «каршылык көрсөтүү аракети» үчүн милиция кызматкерлери тарабынан атылып өлтүрүлүшкөн.

Кадыралиев «Дордой» конушунда 16-октябрда өлтүрүлгөн — анда ИИМ колго түшүрүү маалында анын колунда бычак болгон жана ал каршылык көрсөткөн деп билдирген.

Мүсүралиевди милиция кызматкерлери 20-октябрда ушуга окшош эле шартта Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде атып жок кылышкан. ИИМден ал мал сарайда жашырынып жүргөндүгүн жана милицияга каршылык көрсөтүү аракетин көргөндөн кийин атылганын билдиришкен.