«Кыргызстан» партиясынан талапкер Гүлмира Орозалиева БШКнын акыркы жыйынында аны партия тизмесинен «мыйзамсыз» чыгаргандыктарын билдирди. Айтымында, ал шайлоо өнөктүгүнө «200 миң АКШ долларын» жумшаган.

Орозалиева маалымат жыйынында Боршайком аны шайлоо маалында фирманын директору ыйгарым укугун башка бирөөнө өткөрүп берген эмес деген жүйө менен партия тизмесинен чыгарганын айтты.

«Мен өз ыйгарым укуктарымды 13-августта эле уулума өткөрүп берип, нотариустан күбөлөндүргөм. 1-сентябрда Юстиция министрлиги аркылуу кайрадан каттоодон өткөргөм. Мен ал документтердин бардыгын тең БШКга жана партиянын юридикалык бөлүмүнө бергем», — деди Орозалиева.

Орозалиева шайлоо алдындагы өнөктүккө «200 миң АКШ долларын» жумшаганын билдирди.

Айтымында, партиядан ага ал каражатты кайтарып берүүдөн баш тартышкан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча, ага катышкан 14 партиянын 6сы Жогорку Кеңешке өтүштү: КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен».