Кыргызстандагы эң ири жаштар конференциясы деп эсептелген «JashtarCampте» экс-президент Роза Отунбаева, паратриатлон боюнча дүйнөлүк чемпионаттын коло медалынын ээси Нурбек Тойчубаев жана жаштардын өкүлдөрү Кыргызстандагы жаңы муундун ийгиликтерге жетишүүсүнө жана өз пландарын ишке ашыруусуна эмнелердин жетишпей жаткандыгы тууралуу айтып беришти.

Паратиатлон менен машыгып баштаганына бир гана жыл болгондо дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон Нурбек Тойчубаев JashtarCampта сүйлөгөн сөзүндө жаштар өздөрүнүн алдына бийик максаттарды коюулары керектигин айтты.

«Жакшы окуш керек, мисалы төрт тил билиши керек, өзгөчөлөнүп туруу керек… Мына мен азыр жалгыз триатлончумун — мен өзгөчөлөнө алам», — деди Тойчубаев.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева жаштардын жакшы келечеги үчүн билим жана алардын өз акылдарын өнүктүрө билүүсү зарыл деп эсептейт.

«Силер өз бизнесиңерди, өз жээгиңерди, өз чарбаңарды, өз мектебиңерди өнүктүрөсүңөр — алар өнүккөндөн кийин анын баары бир өлкө болот. Бөлүк-бөлүктөрдөн куралган ал өлкө силерсиңер», — деди Роза Отунбаева JashtarCampтын катышуучуларына кайрылып.

Жаш ишкер, күнөскана комплексин курган «Жашыл Чарба» компаниясынын негиздөөчүсү Тилек Токтогазиев Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстанда жаштардын ийгиликтерге жетишүүсүнө бардык шарттар бар экенин, бирок аларга чечкиндүүлүк жетишпей жатканын айтты.

«Эгер [жаштардын] ичинде потенциал, өзүнө болгон ишеним бар болсо, анда аны эч нерсе токтото албайт», — деп эсептейт ал.

Токтогазиев бизнес жүргүзүү үчүн Кыргызстандагы шарттар «өтө либералдуу» деп эсептей турганын айтты.

«Азия MIX» КВН командасынын катышуучусу жана «Биртууганчик» тасмасынын жаратуучуларынын бири Аскат Табалдиев жаштардын ийгиликтерге жетишүүсүнө алар үчүн активдүү мектеп жана студенттик жашоо мүнөзүн кечирүү маанилүү деп эсептейт. Ал алектенип жаткан нерсе адамга ыракат алып келүүсү керектигин кошумчалады.

«Азыр мен чындап ыракат алып жаткан нерсе менен алектенип жүрөм. Сүйүктүү ишиң менен алектенип, акча иштеп таап турсаң абдан сонун да», — деп жыйынтыктады ал сөзүн.

«JashtarCamp» — негизинен студенттер менен мектеп окуучулары чогула турган жаштардын жолугушуусу. Мында алар саясатчылардын, спортчулардын, жаш ишкерлердин, жарандык активисттердин жана башка ийгиликтүү адамдардын түрдүү темалардагы лекцияларын эркин формада уга алышат. Быйыл конференция 14-15-ноябрь күндөрү — Бишкекте гана эмес Кыргызстандын башка шаарларында да өттү.

«JashtarCamp2015тин» уюштуруучуларынын бири Эльнура Калыбаева иш-чара жети жылдык тарыхка ээ экенин жана быйыл ал өлкөнүн бардык жети облусунда тең өткөрүлгөнүн айтты.

Авторлор: Азат Рузиев, Тилек Бейшеналиев, Айсулуу Бердалиева