КТРКнын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү кезектеги жыйынында «Ой ордо» берүүсүнүн ЛГБТ укуктарына арналган чыгарылышын талкуулашты. Kloop.kg жыйынды түз алып көрсөткөн.

«Ой ордо» берүүсүнүн ЛГБТнын укуктарына арналган чыгарылышы Коомдук биринчи каналдын (КТР) түз эфиринде 12-май күнү кечинде көрсөтүлгөн. Берүүнүн башкы коногу гей экенин ачык айткан Максим болгон. Ал «Ой ордонун» эфиринде өзүнүн сексуалдык ориентациясын кантип түшүнгөндүгү жана күнүмдүк жашоосунда кандай көйгөйлөргө кабыла тургандыгы жөнүндө айтып берген.

ЛГБТ укуктарын коргоочулардын тарапташтары катары берүүгө активист Сумсарбек Мамыралиев менен блоггер Данияр Айтман катышкан. Алар Конституция адамдарга бир жыныстуу союздарды куруусуна мүмкүндүк берүүсү керектигин айтышкан.

Алардын каршылаштары мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу менен Мавлян Аскарбеков болушкан. Бакир уулу мамлекет «коомдук тынчтык менен адеп-ахлак баалуулуктарын сактоо үчүн жарандардын укуктарын чектей ала тургандыгын айткан.

Берүү социалдык түйүндөрдө ар түрдүү реакцияларды жараткан. «Кыргыз Чоролору» жана «Калыс» кыймылдарынын өкүлдөрү 19-майда митингге чыгышып, «Ой ордонун» ЛГБТ укуктарына арналган чыгарылышын алып барган КТРКнын кызматкери Айгүл Курманованы кызматтан кетирүүнү талап кылышкан.