Бишкектин Жеңиш аянтында 14-августта автослалом форматындагы жарыш жана латвиялык унаа жарышчылардын көргөзмө машыгуусу болуп өттү. Жеңишке ээ болгондорго кубок жана сертификат тапшырылды.

Бишкеке автослалом боюнча ачык чемпионатынын экинчи баскычы болуп өттү. Биринчиси май айында болгон.

Жарыштын шарты боюнча спортчулар эки категорияда мелдешишкен — «монопривод» жана «толук привод». «Монопривод» категориясында Михаил Павлов, ал эми «толук привод» боюнча Андрей Вакурин жеңишке жетти.

Автослалом — атайын белгиленген аймакта, татаал трассадагы унаа жарышы: кооптуу бурулуш, жылан айдоо, 180 градус айлануу. Катышуучулар жасалма тоскоолдуктарда дриф жасап, көрүүчүлөргө өздөрүнүн айдоочулук чеберчилигин көргөзүштү.

«Монопривод» категориясынын жеңүүчүсү Kloop.kgге үч жылдан бери жеңишке жетүүгө аракет кылганын айтты.

«Мен албетте буга [иш чарага] даярдандандым. Биринчи этап анча ийгиликтүү болгон жок, мен анда 3-орунду ээлдим. Экинчи баскычта акыры жеңишти куйругунан кармадым. […] Жүрүп баратып атаандаштыктан коркпош керек. Мен үч жыл айдадым, андан кийин ийгиликтерди багындыра баштадым. Алгачкы жылдары жөң эле катышууга, деңгээлимди жогорулатыш үчүн келчүмүн», — деди ал.

Жыйынтыгында Латвиядан келген спортчулардын көргөзмө машыгуусу болуп өттү.

Жарыштын уюштуруучусу Екатерина Козелецкая өз маегинде иш чаранын негизги максаты — шаардагы кыймылдын коопсуздугу үчүн айдоочулардын маданиятын жана чеберчилигин жогорулатуу деп белгиледи.

«Биз жарыш сүйүүчүлөрүнө атайын жерлерди даярдайбыз, ал жактан катышуучулар мыйзамдуу түрдө өзүнүн чеберчилигин көрсөтө алышат», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Жарыштын көрүүчүсү Амантур Ибраимов автослалом мыкты деңгээлде өттү деп эсептейт.

«Деңиздей адреналин, жакшы маанай тартуулашты. Бардык айдоочуларды шаар ичинде жана жашоо пункттарында унаасын адыраңдатпай, ушуга окшогон иш чараларга катышып, тийиштүү байгелерге ээ болшуса деп чакыргым келет», — деди ал.

Автослаломдун 3-баскычы ушул жылдын сентябрында уюштурулушу күтүлүүдө.

Текст: Адилет Канат уулу
Видео: Азамат Каработоев, Арсений Мамашев