Үйлөрдү көздөй: Текебаев өзүнүн кыймылсыз мүлкүн көрсөттү

«Ата Мекен» фракциясынын лидери журналисттерге үй-бүлөсү жана партиясынын кыймылсыз мүлктөрүн көрсөттү.

Депутат Өмүрбек Текебаев 26-сентябрь күнү журналисттерди үйүнө ээрчитип барып, өзүнүн кыймылсыз мүлктөрү менен тааныштырды.

«Ата Мекендин» штабы

«Ата Мекен» партиясынын штабынын имараты Бишкекте Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан. Текебаевдин айтуусунда, жер партиялаштар тарабынан сатып алынып, имарат болсо инвесторлордун көмөгү менен курулган. Азырынча, имарат жеке тараптын атына катталган, бирок жакында партиянын атына өтөөрүн айтты депутат.

Кеңселердин имараттары

Фрунзе көчөсүндө Айгүл Текебаеванын, лидердин аялынын атына жазылган үч кеңсе имараты бар. Депутат айткандай, анын жубайы бул жерлерди 2005-жылы сатып алып, имараттар 10 жылдын ичинде курулуп бүткөн. Анда түрдүү уюмдарга ижарага берилген бир канча кеңсе жайгашкан.

«Биздин үй-бүлөнүн негизги кирешеси ушул жерден табылат — жубайым [кеңселерди] ижарага берет, бир жылда үч-төрт миллион кирише түшүп турат. Ондон ашык уюм ижарада турушат», — деди Текебаев.

Кеңсе имаратынын төртүнчү кабатында Текебаевдин жубайы альтернативдик, аз бюджеттүү видеостудия ачып жатат. Анын айтуусунда, студия 40 чарчы метр аянтты ээлеп, анда бир эле убакта 3-4 көрсөтүүнү тартса болот.

Эки бөлмөлүү батир

Баетов көчөсүндө Текебаевдин аялына жазылган эки бөлмөлүү батир бар. Текебаев үй-бүлөсү менен 20 жылдан бери ошол батирде жашап жаткандыгын айтып, жакында көчүп кетээрин кошумчалады.

«Бул менин кызматтык үйүм. 1995-жылдан бери жашайм. 2009-жылы Бакиев учурунда парламент комитети батирди менин атыма өткөрүп берген», — деди ал.  

Жаңы батир жана хансарай

Текебаев Бөкөнбаев көчөсүндөгү жаңы үч бөлмөлүү батирине журналисттерди алып барган жок, муну батир оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткандыгы менен түшүндүрдү. Ал батир да депутаттын аялынын атына жазылган.

«Орто-Сай-2» шаарчасындагы эки кабаттуу хансарай да Айгүл Текебаевага катталып, саясатчынын айтымында, беш жылдан бери курулуп бүтпөй келет. Текебаев жер тилкесин 40 миң долларга сатып алганын айтып, жарым жылдан ичинде акчасын төлөп бүткөн.

«Мен курулушту дагы беш жылдан кийин бүтүрөм деп пландап жатам. Мындай үйдү орто ишкер да кура алат. Мен өзүмдүн алгачкы үч бөлмөлүү батиримди 57 жашымда сатып алдым. Мунун барын КТРК кылмыш катары көрсөтүп жатат», — деди Текебаев.  

Экскурсиянын себептери

Текебаев Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү маселеси боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин негизги каршы чыккандан кийин, кыймылсыз мүлкүн көрсөтүүгө чакырган.

Ал журналисттерге Атамбаевдин Кой-Таштагы 2,7 гектар аянт жерге салынып жаткан хансарайы тууралуу айтып берген эле. 

Текебаев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, анын ичинде Роза Отунбаева менен биргеликте Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгышкан.

Алар Конституциядагы өзгөртүүлөр премьер-министрдин ыйгарым укуктарын көбөйтүп, сот бийлигинин үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт деп эсептешүүдө. Улуттук мыйзам чыгаруунун эл аралык артыкчылыктарынан баш тартуу болсо, өлкөдө демократияны жокко чыгарат деп айтышууда.

Өзгөртүүлөрдүн тарапташтары жана Атамбаев, өзгөртүүлөр бийликти узурпациялоодон сактап, соттук реформаларды тездетет деп ишендерүүдө. Ал эми улуттук мыйзам чыгаруунун эл аралык артыкчылыктарынан баш тартуу болсо, мамлекеттин көз карандысыздыгына оң таасирин тийгизээрин билдиришкен.

Убактылуу өкмөттүн өзгөртүүлөргө каршылыгын тууралуу ачык жарыялангандан соң, Атамбаевдин тапшырмасы менен УКМК айрым мүчөлөрүнүн Кыргызстанда өмүр бою сыртынан соттолгон жана улуттар аралык чыр-чатакты козуткандыкта айыпталган Кадыржан Батыровду качырып жиберүүгө катышы бар-жоктугун текшерүүгө алган.

Тема боюнча: Атамбаевдин куруп жаткан үйү бийиктен кандай көрүнөт?