Кыргызстандагы үч метрлик калпак Гиннес рекорддор китебине кириши мүмкүн

Кыргыз-түрк «Манас» университетинин студенттери жасаган эң чоң калпакты рекорддук көрсөткүч катары каттоо үчүн билдирмени Гиннестин рекорддор китебинин комиссиясы кабыл алды. Демилгечилердин айтуусунда, аны рекорд катары ырастоо гана калды.

Бийиктиги үч метр болгон калпакты жасоо демилгесин көтөргөндөрдүн бири Адилет Кубанычбеков Kloop.kgге билдирме кабыл алынганын айтты, эми ырастаманы күтүү гана калган.

Кубанычбеков, 6-октябрь күнү Гиннес комиссиясы «Эң чоң калпак» тууралуу билдирме кабыл алынганы тууралуу кат жибергенин маалымдады. Эми алар рекорддун ырасталышы үчүн документтерди жыйнап жатышат.  

«Рекорддун ырасталышы үчүн калпакты көргөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жыйнашыбыз зарыл, сүрөт жана видео жөнөтүүбүз керек. Бизге жалпыга маалымдоо каражаттарынан калпак жөнүндөгү маалымат каттары зарыл болуп турат. Эгер топтой албасак, билдирмени артка кайтарышат», — деди Кубанычбеков.  

Кыргыздардын эң чоң баш кийими Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттер кеңешинин буюртмасы менен 2016-жылы тигилген.  

Үч метрлик калпак 5-март күнү Ак калпак күнүнө карата бишкектиктерге көрсөтүлгөн. Калпакты Гиннес рекорддор китебине киргизүүгө студенттер 17-апрель күнү билдирме жөнөтүшкөн.

Кубанычбековдун айтуусунда, калпакты алгач Улуттук тарыхый музейге өткөрүп берүү пландалган, бирок кийинчерээк Манас окуу жайында калтырылган.

«Музейде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан Манас университетинде калтырууну туура көрдүк. Ал биздин окуу жайыбыздын сыймыгы болуп калды. Музейде ремонт иштери бүтөөрү менен калпакты музейдин администрациясына тапшырабыз», — деди ал.  

Видео: Азат Рузиев
Текст: Нурия Рыскулова