Укук коргоочу Азимжан Аскаровго өкүм чыгаруу 17-январга калтырылды. Бүгүн сот коргоочу жана айыптоочу тараптардын репликаларын угуп, Аскаровдун өзүнө акыркы сөз берди.

Биринчи болуп укук коргоочунун адвокаты Нурбек Токтакунов сөз алды. Өз сөзүндө ал анын озүнө жана Аскаровдун башка коргоочуларына көрсөтүлгөн кысымга көңүл бурду.

«Биринчи жолу Базар-Коргонго барганымда мени жөн эле өрттөп салгысы келгендер болгон. Чыгып баратканда мен прокурорлорго мени өрттөп салгысы келгендер болгонун кабарладым. Иштин мындай шартында мен көп нерсени жасай алган жокмун», — деди Токтакунов.

Анын айтымында, Аскаровду камералаштары эле эмес, укук коргоо органдарынын кызматкерлери да кылмышты моюнга алдыргысы келип бир нече жолу сабашкан жана кыйнашкан.

«Аскаровдун ишине адамдын көз карашынан карап көргүлө. Биз баарыбыз адилетсиз соттун курмандыгы болуп калышыбыз мүмкүн», — деди ал.

Токтакунов укук коргоочуну актоо сот системасындагы оң өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн деп судьяларды ынандырууга аракет кылды.

«Эгерде биз өкүмдү күчүндө калтырсак, бул укук коргоо системасына [колдон келгенин кыла берсе болот, кыйнай берсе болот деген] сигнал болот. Тилекке каршы, судьялар да бул системанын курмандыгы болуп калышы ыктымал», — деди ал.

Коргоочу тараптын репликасына жооп катары прокурор Кумарбек Токтакунов Аскаров өзү 2010-жылы милициянын зомбулук аракети тууралуу даттанып же айып койбогонун эске салды.

«Эмне үчүн Аскаров аны бир сутка мыйзамсыз кармашканын жана кыйнашканын ошондо эле жазып чыккан эмес? Ал изолятордун кызматкерлерине карата доосу жок экенин жазып бербеди беле. Бир жерине ошну жазса болмок да. Бирок ал анткен жок. Эми алты жылдан кийин гана ошону эстеп жатат», — деди прокурор.

Прокурор өз репликасында милиция укук коргоочуну негизсиз күнөөлөй алмак эмес деди.

«Айып Аскаровдун бул ишке тиешеси бар экенин ырастаган көптөгөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнун жана документтердин негизинде коюлган», — деди ал.

Өзүнүн акыркы сөзүндө укук коргоочу өзүнүн күнөөсүз экенин аныкташ үчүн калп детекторунда текшерүүнү өтүндү. Укук коргоочунун айтымында, эгерде текшерүү аны күнөөлүү деп тапса, ал күнөөнү моюнга алып, ал тургай өлүм жазасына да макул болот.

Аскаров объектилердин жайгашкан жерлерин алдын-ала схема кылып тартып, күбөлөрдүн айтуусу боюнча өзү каякта болгонун көрсөтүүгө аракет кылып, киши колдуу болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун денеси кайсы жерден табылганын түшүндүрдү.

«Мен кылмыш жасалган жерде болгон эмесмин, Базар-Коргон районунун акимин барымтага алган эмесмин. Мага каршы коюлган айып — жалаа. Алланын аты менен карганам, мен окуя болгон жерде болгон болсом, мага, менин үй-бүлөмө, бала-чакама Алланын каргышы тийсин», — деди Аскаров.

Укук коргоочунун пикиринде, аны өзбек болгону үчүн камашкан. Ал бийлик улуттук азчылыкты басынтат деп эсептейт. Анын айтымында, БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылып, Кыргызстан боюнча этникалык негиздеги кылмыштарды иликтөөчү атайын орган түзүү боюнча өтүнмөкчү.

«Мен Кыргызстандын өкмөтүнө карата эң катаал санкцияларды колдонушун өтүнүү ниетим бар», — деп билдирди ал.

Андан соң судья тыныгуу жарыялап, өкүм 17-январда чыгарылат деп айтты.

Мурдагы отурумдар

Сот Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча буга чейин жети отурум өткөргөн.

Биринчи отурумда сот киши колдуу болгон Сулаймановдун жесиринин жана күбө болгон милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн уккан. Алты күбөнүн үчөө Сулайманов курман болгондо Аскаров көпүрөдө болгон-болбогонун эстей албаганын айтышкан.

Калган үч милиция кызматкери Аскаровду нааразылык акциясынын арасында көрүшкөнүн айтышкан, бирок анын кебетеси кандай болгонун жана ал күнү эмне кылганын сүрөттөп бере алышкан эмес. Алар анын «кыргыздарды өлтүрүүгө» үндөп жүргөнүн айтышкан, бирок окуя кандай болгонун так айта алышкан эмес, анткени 30 метрден 150 метрге чейинки аралыкта турушкан.

Аскаров милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсүн жалган деп билдирген. Анын айтымында, ал укук коргоочу болуп иштеп жүргөндө алардын мыйзам бузган иштерин иликтеген жана күбө катары өтүп жаткан милиция кызматкерлеринин бирөөнө каршы кылмыш иши козголгон.

Сот экинчи отурумда алты күбөнүн — Базар-Коргондун акиминин, Базар-Коргондун прокурорунун, Улуттук коопсуздук кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысынын жана УКМКнын эки кызматкеринин — көрсөтмөлөрүн уккан. Ошондой эле Аскаров кармалгандан кийин аны менен кошо УКИде кошо отурган камералашы да көрсөтмө берген.

Прокурор көпүрөдө болбогонун жана Аскаровду көрбөгөнүн айткан. Өз көрсөтмөлөрүндө ал укук коргоочуну кимдир-бирөөлөр кыйнаганы тууралуу маалыматты четке каккан.

Аким жана УКМК өкүлдөрү Аскаровду көргөнүн айтышкан, бирок ал ошол жакта эмне кылып жүргөнүн сүрөттөп бере алышкан эмес. Аскаровдун камералашы камерада Аскаровду сабап салганын айткан.

Аскаров болсо анын көпүрөдө болгону тууралуу көрсөтмөлөр калп экенин айткан.

Үчүнчү отурумда сот айыптоочу тараптын эки күбөсү — 2010-жылы Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары болуп турган Жамиля Туражанованын жана Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп турган Орозбек Бердибаевдин — көрсөтмөлөрүн уккан.

Туражанова Мыктыбек Сулаймановдун денеси кантип табылганын жана Азимжан Аскаровдун кармалышы менен сурагы кандай өткөнүн айтып берген.

Коргоочу тарап Аскаровдун укуктары бузулганын, ага адвокат өз убагында берилбегенин далилдеш үчүн анын качан камакка алынганын билгенге аракет кылган.

Аскаров ошондой эле аны кыйноого алышканы тууралуу көрсөтмө берген, бирок коргоочу тараптын күбөлөрү анын айтканын четке кагышкан.

Төртүнчү отурумда Аскаров менен кошо соттолгон камактагылар суракка алынып, өмүрүнө коркунуч келип жаткандыктан «көрсөтмө берүүдөн коркуп жатышканын» сотко айтышкан. Алар ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылышканын айтып арызданышкан.

Күбөлөрдүн баары башаламандык болгон күнү көпүрөдө болушпаганын жана ал жактан Аскаровду көрүшпөгөнүн айтышкан.

Бешинчи отурумда коргоочу тараптын бардык күбөлөрү — Аскаровдун кошуналары жана туугандыгы бар аял — жергиликтүү тургундар көпүрөдө кагылышып жатканда жана милиция кызматкери өлтүрүлүп жаткан маалда аны «үйдүн жанынан көрүшкөнүн» айтышкан. Алар 2010-жылы көрсөтмө бергиси келишкен эмес, анткени аларга «кысым көрсөтүлгөн».

Алтынчы отурумда сот укук коргоо органдарынын эки өкүлүн жана укук коргоочу Азиза Абдирасулованы суракка алган. Аскаровдун иши боюнча тергөө тобунун жетекчиси кыйноо колдонулбаганын жана «баары мыйзамдуу болгонун» айтып жаткан, укук коргоочу болсо Аскаров кыйноого алынганын айткан.

Жетинчи отурумда укук коргоочу өзү көрсөтмө берген. Аскаров бийликти чатак тууралуу эскерткенин, бирок эч кандай чара көрүлбөгөнүн айткан. Ал милициянын өлүмүнө өзүнүн күнөөсү бар экенин танып, тергөө маалында андан күнөөнү моюнга алган көрсөтмөлөрдү алыш үчүн кыйноого алынганын билдирген.

Сегизинчи жана тогузунчу отурумдарда сот укук коргоочунун тогуз томдук ишинин материалдарын бүт изилдеп чыкты — судья айыптоочу жана коргоочу тараптын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрүн окуду. Судья ошондой эле укук коргоочу тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин да окуду, ал жерде Аскаров «мыйзамсыз кармалганы» жана кыйноого дуушар болгону айтылган. БУУнун комитети Кыргызстандын жетекчилигине укук коргоочуну бошотууга кеңеш берген.

Онунчу отурумда тараптарга жарыш сөз берилген. Коргоочу тарап Аскаровду бошотууну өтүнгөн, анткени айыптап жаткан тараптагы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбейт, ошондуктан укук коргоочуну камоо үчүн далил жетишсиз. Мамлекеттик айыптоочулар, тескерисинче, Аскаровдун айыбы толугу менен далилденип, укук коргоочунун мүлкүн тартып алуу менен аны өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырууну өтүнгөн.

Аскаров өзү ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган этникалык өзбек жана укук коргоочу. Ал милициянын кыйноолору тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон. 15 жыл аралыгында «Аба» укук коргоочу уюмун жетектеген.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык чыр-чатакта кармалган. Укук коргоо органдары билдиргендей, Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, милиция кызматкерлерин сабап, бир кызматкерди өрттөп жиберген.

Базар-Коргон соту Аскаровду «баш аламандык уюштургандыкка», «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткандыкка» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. 2010-жылдын аягында, сот Аскаровду өмүр бою тор артына камаган, бирок Аскаров күнөөсүн мойнуна албай келген. Аны менен кошо дагы сегиз адам абакка киргизилген.

Аскаровдун жактоочулары бул айыптоолор «негизсиз» деп айтып келишет. Күбөлөр болсо, Аскаров окуя болгон жерде жок болгондугун тастыкташкан.

Соттун чечиминен кийин, укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов бардык жараяндар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыккан. Анын айтуусунда, укук коргоочунун үйүндө үй ээлери жокто тинтүү болгон жана далилдер «жетишсиз».

Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочу кыйноолорго кабылганын жана Кыргызстандын бийлиги анын даттанууларына көңүл бурбагандыкка айыпталганын билдиришкен. Андан тышкары, иликтөө жараянында процессуалдык нормалар бузулганын жана Аскаровдун коргонуусуна мүмкүнчүлүк берилбегенин да кошумчалашкан.

Соттун жүрүшүнөн тексттик трансляция: